KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасы иш сапары менен Лейлек району жана Сүлүктү шаарында болду

07 мая 2019

2019-жылдын  3-майында Баткен облустук  сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев  Лейлек райондук сотунун жана Сүлүктү шаардык сотунун имараттары толук капиталдык ремонттон өтүп жатканын көрүп чыкты. Имараттын куруучулары  жана сот кызматкерлери менен жолугуп,  кеңири пикир алышты.  Жалпысынан  Сүлүктү шаардык сотунда  бир кеңсе бөлүмү,  архив, бир сот залы, аппарат кызматкерлеринин жана  судьялардын бөлмөлөрү күзөт кызматкерлери жана приставдар үчүн да бөлмөлөр  да капиталдык ремонттон өтүп жатат. Шаардык сотунун имараты азыркы күндө чатыры  алмашылды.  Ошондой эле,  жер төлөөсү  тазаланып,  бөлмөлөрү  иретке келтирилип,  ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Имараттын сырты оңдолуп, тегереги тосулуп жатат. Биринчи кабаты толук бүтүрүлүп,  экинчи кабатында ремонттук иштер башталганы турат.


Ал эми Лейлек райондук сотунун имаратынын  тегереги тосулуп,  имараттын капиталдык ремонту бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. Сайдибаказ  Мусаев капиталдык ремонттун  иши менен таанышып чыккан соң, судьяларды таза,  ак ниет жана  адилеттүү мыйзам  чегинде  иш  алып барууга  чакырды.