KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Биргелешип иш алып баруу маселелери ортого салынды

21 января 2020

Кочкор райондук сотунун демилгеси менен жакында райондогу аксакалдар сотторунун төрагалары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана райондогу күч түзүмдөрүнүн  өкүлдөрү катышкан жолугушуу  уюштурулду. Жолугушууда ортого салынган  негизги маселелер аксакалдар сотторунун ишин жандандыруу жана жер маселеси боюнча келип чыккан суроолор болду.


Аталган райондук соттун төрагасы Сапарбек Жунусовдун айтымында, мурдагы жылдарда да райондук сот,   аксакалдар сотторунун ишине  усулдук   жардам  берип келишкен.  Бирок, ошого карабастан аксакалдар соттору тарабынан кабыл алынган чечимдерге  аткаруу барагын даярдоодо дагы эле болсо   бир катар мүчүлүштүктөр орун алып жаткан.  Ошону менен катар эле акыркы жылдары аксакалдар сотторунун  иштери кыйла солгундап, алардын коомдогу ролу байкалбай жаткандыгын белгилөө  менен биргелешип иштөөгө чакырды.


2019-жылы Кочкор району боюнча  аксакалдар соттору  тарабынан жыл ичинде 26 иш гана каралган. Бирок, бул иштер  кагаз жүзүндөгүсү гана. Көптөгөн иштер оозеки түрүндө      чечилип калгандары да бар экендигин жолугушууга катышып жаткан райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов билдирди.


Аксакалдар соттору менен  бардык коомдук уюмдарды бириктирип иш алып бара турган болсок өтө чоң таасир бермек. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө  биздики сыяктуу  аксакалдар соттору жок. Биздеги   практикадан улам,  медиация деген  институт  киргизилген. Андыктан, биз аксакалдар сотторунун ишин жандандырышыбыз керек. Убакыттан пайдаланып сот тутумуна  да ыраазычылык билдирип  кетет элем. Сиздер биздин ишибизге жардам берип жатасыздар.   Биз райондук аксакалдар  сотторунун  ассоциациясын түзгөнү жатабыз. Бул багытта 13 сунуш киргизип жатабыз” — деди райондук аксакалдар сотторунун төрагасы Урматбек Шергазиев.


Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар аксакалдар сотторунун төрагалары чыгып сүйлөшүп, өздөрү тарабынан аткарылып жаткан иштерге, саамалыктарга  жана  айрым көйгөйлүү маселелерге токтолушуп,  тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Мындай жолугушуулардын  максаты   сот тутуму    жергиликтүү бийлик органдары жана аксакалдар соттору   менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдогу маселелерди оң жагына чечүү болуп саналат.  Бүгүн сиздер тарабынан  ортого салынган маселелерди  чечүү жана мындай  жолугушууларды ар бир квартал сайын өткөрүп,  карым- катнашта иш алып бармакчыбыз “- деди  Нарын облустук  сотунун  төрайымы Майрагүл Дуйшөнбекова.


Жолугушуунун жүрүшүндө   айыл өкмөт башчылары тарабынан жер маселеси боюнча да суроолор берилип, ага Нарын райондор аралык сотунун төрайымы Махабат Чагалдакова жооп берди.


Жолугушууга Кочкор райондук сотунун судьялары жана сот аткаруучулар дагы катышты.


 


                           Нарын облустук  сотунун


                                 басма сөз кызматы