KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Биринчи май райондук сотунда ишембилик өткөрүлдү

26 сентября 2022

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аймагында, 2022-жылдын 24-сентябрында,  ишембилик өткөрүлдү.


Ага судьялар, аппарат кызматкерлери жана сот приставдары катышышты.


Ишембиликтин жүрүшүндө соттун бардык аймагы жана ага жакын турган  аймактар  таштандыларынан, жалбырактардан жана кургак чөптөн тазаланды.


Ал эми соттун айланасындагы таман таштар (брусчатка) оңдолуп түздөлдү.


Мындан сырткары сот кызматкерлери имараттын ички дубалдарын сырдап, акташты.