2022-жылдын 14-майында Чолпон-Ата шаарында эң ири марафондордун бири Шанхай кызматташтык уюмунун «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» X- Эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү. Марафондун негизги максаты Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Илияс Керимкулов да аталган марафонго катышып, 21 чакырымды 1 саат 58 минут 26 секунд убакта чуркап келген.
Марафонго дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчу катышууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, судья Илияс Керимкулов 2022-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында өткөн “Бакай Банк Жаз деми — 2022” жазгы жарышка катышып, анда 21 чакырымды 2 саат 1 минут 36 секунд убакта чуркап келген. Бул 40 жаштан жогорку күйөрмандар үчүн жакшы жыйынтык экени белгиленет.