KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте Жогорку соттун жыйыны онлайн режимде өттү (сүрөт, видео)

30 мая 2020

Баракелде —  Кечээ, 29-майда Жогорку соттун пленуму онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө «Алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу тууралуу иштер боюнча соттук тажрыйба жөнүндө» токтом талкууланды. Жогорку сотунун судьясы—баяндамачы Качыке Эсенканов республика боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 9 айында сотторго 19 миң 900 кылмыш иши келип түшкөнүн маалымдады. Буга чейин Жогорку соттун пленуму тарабынан бул категориядагы кылмыштар боюнча мыйзамдарга түшүндүрмө берүү тууралуу токтом кабыл алынган эмес. Азыркы мезгилде өтө актуалдуу жана бирдиктүү соттук тажрыйбаны иштеп чыгууну талап кылууда.


«Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жарандык, экономикалык жана административдик иштерди кароодо мамлекеттик алым тууралуу мыйзамдарды колдонуудагы кээ бир маселелери жөнүндө» жана «Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча сот тажрыйбасы тууралуу» Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов менен Жамалкан Исакова баяндама жасады.


Жыйынтыгында токтом долбоорлорун негизинен кабыл алуу сунушталып, токтомдор бир добуштан кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.


Жыйынга Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин өкүлдөрү катышты.


barakelde.org