KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаардык сотунун иши менен болочок юристтер таанышышты

21 апреля 2021

2021-жылдын 21-апрелинде Каракол шаардык соту студенттерге ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Иш чарада Москвадагы ишкердүүлүк жана укук институтунун Каракол шаарындагы филиалынын юридикалык факультетинин 1-2-3-курстарынын студенттери шаардык соттун ишмердүүлүгү менен таанышышты.


Шаардык соттун төрагасы Ильяс Иманбеков студенттерге экскурсия уюштуруп, соттун иш процесси менен тааныштырды. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттун кабылдамасында, төраганын кабинетинде, мыйзам менен тил табыша албаган балдар үчүн атайын ачылган бөлмөлөрдө, сот отурумдарынын залдарында, судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин кабинеттеринде  болушуп, соттун канцеляриясынын иш жүргүзүү процесси менен таанышышты. Ошондой эле студенттер жазык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты.


Андан соң, соттун төрагасы Ильяс Иманбеков, судьялар Уланбек Суранчиев, Айбек Токтобаев жана Марат Акбердиев студенттерге  Кыргыз Республикасынын сот тутуму, сот адилеттигинин негиздери, сот тутумундагы  инстанциялар жана алардын компетенциялары жөнүндө жана ошондой эле сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жөнүндө айтып беришти. Балдар Фемида өкүлдөрүн чоң кызыгуу менен угушту.


Иш чаранын соңунда Ильяс Иманбеков студенттер менен эстелик үчүн сүрөткө түшүп, алардын окууларына ийгиликтерди каалап, келечекте өлкөбүдүн эң мыкты адистеринен болушуна тилектеш экенин айтты.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева