2020-жылдын 13-февралында Чүй облустук сотунун имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын катышуусунда Чүй облусундагы соттордун 2019-жылда жасаган иштери боюнча жылдык жыйыны өткөрүлдү.
Аталган жыйынга Чүй облусундагы 70тен ашык райондук соттордун судьялары катышышты.
Чүй облусунун соттору тарабынан 1668 жазык иши , 904 жоруктар жөнүндө иш жана 3785 соттук материалдар каралган.
Өткөрүлгөн жыйында облус боюнча тергөө судьялары тарабынан 4 032 сотко чейинки өндүрүш иштери каралгандыгы айтылды. Жүктөм боюнча алсак, Чүй облусунун Аламүдүн району бир жылда 1308 иш караган.
Ал эми 2019-жылы Чүй облустунун райондук соттору тарабынан 14 553 жарандык иш жана соттук материалдар каралгандыгы маалым болду. Бул 2018-жылга караганда 2,2%га көбүрөөк.
Отчеттук мезгил учурунда Чүй облустунун райондор аралык сотуна 2300 арыз келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2018-жылы 1701 ишти түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы тарабынан соттордун иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрүнүн тартиби жана мыйзам ченемдерин сактоо тууралуу маселе көтөрүлдү.
Мындан тышкары төрайым аксакалдар соттору менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп, негизсиз иштерди жылдырууну токтотууну талап кылды.
Г.Калиева судьяларга ишинде ийгиликтерди каалап, аткаруу тартиби менен бирге эле эмгек тартибин сактап, аппарат кызматкерлерин окутуу иштерин улантуу керек экендигин кошумчалады.