KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Үчүнчү бийлик төртүнчү бийлик менен кызматташууга ынтызар

08 апреля 2019

Сот реформасы


 


Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева 2-апрелде басма сөз өкүлдөрүнө маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйын суроо-жооп иретинде пикир алышуу форматында өттү. Эске салсак, буга чейин Жогорку сотто басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусу менен мындай форматтагы жолугушуу болгон эмес.


 


Төрайым жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта иш алып баруу үчүн Жогорку соттун басма сөз кызматы аркылуу бир катар тренингдер уюштурулгандыгы, сот отурумдарын чагылдыруу жана маалымат алуудагы журналисттердин укугу тууралуу кеўири маалымат берди. Аны менен катар журналисттерге маек берүүдө судьялар менен маектешүүдө, судьялардын өзүн алып жүрүүсү, сөз чеберчилигинин техникалык негиздери жөнүндө тренингдер болгонун жана басма сөз өкүлдөрүнүн Жогорку сотко кирүүсүнө жеўилдиктер болсун деген максатта атайын аккредитациядан өткөрүп, тийиштүү күбөлүктөр берилгенин айтты.


Ошондой эле Жогорку соттун басма сөз кызматы маанилүү маалыматтарды убагында ЖМКларга таркатып, журналисттерден түшкөн суроолорго ыкчам жооп берүүнүн аракетин көргөндүгүн, бирок бул дагы жеткиликтүү болбой жаткандыгын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары менен сот системасынын байланышын күчөтүү максатында жакынкы убактарда журналисттердин судьялар менен болгон өз ара байланышы боюнча инструкция же болбосо кол китеби иштелип чыгарын кошумчалады.


Жыйында төрайым макаланы жазууда фактыларга таянуу менен жазууну жана тема коюуда этият болуу керектигине токтолуп, сот системасынын ишин так, ачык айкын чагылдырууда басма сөз өкүлдөрүнүн ролу чоў экенине басым жасады.


Мындан сырткары журналисттерге карата соттор тарабынан акыйкатсыз чечимдердин чыкканы, кээ бир учурларда комментарий берген респондент эмес, интервью алган корреспондент менен аны чагылдырган басма сөз сот алдында жооп берип калгандыгы жана макалага кайсы бир объект же субъект боюнча бул жагдай ушундайбы деген суроо коюлгандыгы үчүн жооп берген учурлар кездешкени айтылды.


Төрайым: “Түз эфирде интервью же комментарий алып жаткан учурда журналист маектешинин кандай жооп берерин алдын ала билбейт. Андыктан интервью берген адамдын айткан маалыматынын коомчулукка жарыяланып кетишинде басма сөз өкүлү жооп бербеш керек, бул маселени биз буга чейин да талкуулаганбыз”, — деди.


Төрайым сот реформасынын алкагында сот системасында жүргүзүлүп жаткан иштер ачык айкын болушун көздөп sot.kg сайты иштеп, сот залдарында видеокамералар орнотулгандыгын жана соттордун квалификациясын жогорулатуу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьяларды окутуп жаткандыгын, аны менен катар сот өндүрүшүндө кездешкен жагдайларды талкуулаган видеоконференциялар жергиликтүү соттор менен өткөндүгүн маалымдады.


Сот системасындагы коррупция боюнча берилген суроого Г.Калиева: “Коррупция билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында, укук коргоо органдарында жана башка бардык тармактарда кездешип жатат. Коррупция жок деп айта албайбыз. Аны менен күрөшүүдө бардык тармактар боюнча иш алып баруу керек. Соттордун ачык айкын болушун көздөп, бир нече багыттар боюнча реформа жүргүзүп жатабыз. Сот системасындагы коррупцияны жоюу үчүн эксперттердин жана адам укугун коргогон эл аралык институттардын катышуусу менен сотторго болгон элдин ишеними канчалык экендигин аныктаган сурамжылоо жүргүзүлүп жатат.


Утулуп калган адвокаттардын арасында мына сот акча алды, ошон үчүн ушундай чечим чыгарды деп сотторду жамандап койгон учурлар кездешип жатат. Ошондуктан сот тармагында судьялар менен биргеликте адвокаттар менен дагы коррупцияны жоюу багытында иш алып баруу керек”,- деди.


Басма сөз өкүлүнүн бир ай ичинде бир судья 70 ишти карайт экен, мындай иш жүктөмү чечимдерди чыгарууда терс таасирин тийгизбейби деген суроосуна төрайым өзгөчө Бишкек менен Ош шаарында жана Чүй аймагында судьялардын иш кароо жүктөмү 60тан 80ге чейин болуп жатканын, учурда дагы кошумча 56 судья сынактын негизинде ишке алынарын билдирип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун бир судьясы бир айда 70 ишти караса, Сүлүктү райондук сотунда бир жылда 15 иш караларын, буга байланыштуу учурда облустук жана райондук соттордун иш жүктөмү анализденип жатканын кабарлады.


 


 Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”