2020-жылдын 26-июнунда Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда төрага Э.Б.Абдимиталипов, судья К.К.Салиев, Лейлек районунун прокурорунун улук жардамчысы У.Токтосунов, Лейлек райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Т.Алибаев жана соттун аппарат кызматкерлеринин катышуусунда “Жашы жетпеген балдарды камкордукка жана көзөмөлдүккө” алуу, “Балдарды жатак мекемелерге жайгаштыруу” маселелери боюнча кеңешме жыйын болуп өттү.
Кеңешме жыйында турмуштук татаал кырдаалдарда калган балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн статусу бар адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдардын жоболору жөнүндө, аларды турак -жай менен камсыздоо, медициналык жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгү, коомго интеграциялоо үчүн социалдык колдоо маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Натыйжасында Т.Алибаевдин сунушу менен 2020-жылдын октябрь айында жергиликтүү органдардын кызматкерлеринин катышуусунда дал ушундай кеңешме жыйын өткөрүү белгиленди.