Бүгүн, 30-июлда Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Президенттин 28-июлдагы Жарлыктары менен жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна Азизбек Досмамбетов жана Гүлмира Садыковалар ант беришти. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна Максат Орозбакова, Свердлов райондук сотуна Чынара Асаналиева менен Айзада Исаевалар салтанаттуу ант беришти.
Мыйзамга ылайык, судьялардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Бишкек шаардык соту, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна дайындалып, судьялык кызматка кайрадан киришип жатышкан судьяларды куттуктап ийгиликтерди каалады.