KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунда ачык эшик күн

03 октября 2019

Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту тарабынан 2019-жылдын 3-октябрында “Ачык эшик күнү” иш-чарасы алкагында Талас облусунун Бакай-Ата району Кызыл-Сай айылындагы жалпы билим берүү боюнча Шаршенбай атындагы орто мектебинин 10-жана 11-класстагы окуучулары менен жолугушу өткөрүлдү.


Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Бообек Турсункулов, судья Нурмухамбет Кермалиев жана ошол эле соттун бөлүм башчысы Фатима Бошкоева бүгүнкү мектеп окуучуларга, келечектеги ар кандай кесиптин ээлерине, 2012-жылдан бери сот тутумунда болуп жаткан соттук-укуктук реформалар жөнүндө жана аны менен бирге сот өндүрүшүндө колдонулууга кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү, сот тутумунун түзүмү боюнча жана бөлүм башчынын, судьянын жардамчысы жана сот отурумунун катчыларынын аткарган иштери боюнча кеңири маалымат беришти.


Мындан тышкары, судьялар өзгөчө маанилүү болгон жаш өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги жана кандай жаза колдонулары жөнүндө түшүндүрмөлөрдү айтып өтүштү, окуучулардын кызыгуу жараткан суроолоруна жооп беришти.


Ошондой эле,  келечекте юридикалык кесипти тандай турган мектеп окуучуларына, ачык сабактар өтүү жагы, соттун аппарат кызматкерлери менен бирдикте, аларга сот отурумунун өтүшү боюнча сценка көрсөтүү  жагы макулдашылды.


Судьялар менен мектеп окуучуларынын ортосундагы маектин аягында, Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Бообек Турсункулов жана судьясы Нурмухамбет Кермалиев окууларына ийгилик каалап жана окуучулардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүү максатында мындай жолугушуларды өткөрүп туруу жөнүндө макулдашылды.


 


Талас облусунун басма сөз кызматы