KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Фемида өкүлдөрү “Саманчынын жолу” менен “Гүлсаратты” мыкты аткарышты

24 июня 2019

2008-жылы 14-июнда заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жерге берилген. Кечээ Т.Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрында кара сөздүн чебери Айтматовду замандаштары эскеришип, анын ураматына «Саманчынын жолу», «Гүлсарат» повесттеринин негизинде сахналаштырылган спектаклди артисттер эмес, кадимки эле сот кызматкерлери ойноду. Иш-чара Жогорку соттун, Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Октябрь райондук сотунун, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жана академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулду. Оюнду көргөнү келген көрөрмандар демдерин ичине катып, башынан аягына чейин көз ирмебей көрүп, черлери жазылганын байкадык.


Айнаш ТОКБАЕВА, Жогорку соттун төрайымынын орун басары:


— Жогоруда биз көргөн эки спектакль тең Чыңгыз Айтматовдун баарыбызга белгилүү чыгармаларынын негизинде даярдалды. “Гүлсарат” менен “Санманчынын жолу” повесттери коом жана инсан, гуманизм жана адамдык касиет жөнүндө терең баяндаган чыгармалар экенин айтпасак да түшүнүктүү. Күн сайын адам болууга умтулуу аракети ушул эки классикалык чыгарманын негизги идеясы, гуманисттик мазмуну болуп эсептелет. Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгынын урматына карата өткөн жылдын декабрь айында бул спектаклдер сахнага коюлган. Ошондо чыгармалардагы терең, абдан маанилүү, адамдардын эң бийик касиеттерин даңазалаган образдарды биздин кызматкерлер абдан жакшы деңгээлде ачып беришкен, азыр да андан да ашып түшүштү десем жаңылбайм. Сот кызматкерлери жүрөктөрү “Айтматов” деп согуп, жазуучунун баа жеткис чыгармаларын дагы бир ирет көрөрмандарга тартуулашты. Кыргыз элинин залкары, дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эскерүү иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү деп ойлойм.


Миталип МАМЫТОВ, нейрохирург, Кыргыз эл баатыры:


— Биздин сот системасында, сот арасында таланттуу адамдар бар экен деп эч ойлобопмун. Бүгүнкү иш-чарада менин эки жагымда эки айым отуруп калды. Экөө тең спектакль учурунда шолоктоп ыйлап атышты. Алар менен кошо мен да көз жашыладым. Ушундай терең ойго батырып коюшту. Театровед болбосом да эсимде жок, ушундай улуу драматургдардын эмгектерин соттор коёт экен деп. Бул да болсо Чыңгыз Төрөкуловичтин бийиктиги, улуулугу деп билсек болот. Сөз бар, “Куранды окуп аткан киши Кудай менен сүйлөшүп атат, жанында отурганы Жаратканды угат экен” дегендей, бүгүн сахнада ойногон шарттуу түрдө артисттер, Айтматов менен сүйлөштү, биз залкарды уктук деп түшүнөм. Чыңгыздын чыгармаларын өтөөсүнө жеткире ойноп, образга сүңгүп кирип, адамзаттын тереңдигин туюп аткандан кийин, бул соттор адилеттүү чечим чыгара билишет деп ишенем.


Роза АЙТМАТОВА, коомдук ишмер:


— Бүгүнкү спектаклге өзүмдүн туугандарымды, жакындарымды, тааныш-билиштеримди “келгиле” деп чакырдым. “Сот тутумундагы кызматкерлер спектаклде ойношот” десем, кээ бирлери “эми ал өздүк көркөм чыгармачыл жамаат да. Биз ал чыгармаларды көрүп эле жүрбөйбүзбү” дегенсишти, бирок


бекер кылышты. Бул чыгармалар канча жолу сахналаштырылып, белгилүү артисттер ойногону менен сот тутумунун кызматкерлери алардан кыпындай да калышпай жеткире ойноп беришкендигине абдан ыраазы болуп толкундандым. Алар Ч.Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныш экендигине ынандым. Соттор өз жумушунда кандайдыр бир кыйчалыш жагдайда, адилетсиздикке туш келип кыйналып турган адамдардын ишин карашат. Улуу жазуучунун чыгармаларын окушкан сот тутумунун кызматкерлери ушунча жеткизе, терең сезим менен аткаргандар кызматында да адилеттүү болоруна ишенимим бар.


Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ, академик, Улуттукилимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору:


— Биз бул долбоорду иш жүзүнө ашырып жатып соттор мындай ийгилик жаратат деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Сот кызматкерлери ушунчалык эргүү менен, берилүү менен Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын ойношту. Залдагылар аны жүрөгү менен туйду, терең сүңгүтүштү, ыйлатышты. Бул долбоорду улантабыз деген чоң үмүттө турабыз. Жеке эле Бишкек шаардык соттору эмес, региондогулар да мындай саамалыкты ишке ашырууга күчтөрү жетет. Азыр прокуратурадан келип “биз да Айтматовдун башка чыгармаларын коёлу” деп айтып атышат. Демек, бүгүнкү иш-чара алардын да жүрөктөгү сезим кылдарын дирилдеткен имиш. Эң ириде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага, андан сырткары, Айтматовдун “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат” чыгармаларын жогорку деңгээлде сахналаштырган Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Октябрь райондук соттун кызматкерлерине терең ыраазчылык билдирем.


Элана АБЫЛКАСЫМОВА, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот отурумунун катчысы:


— Чыңгыз атабыздын баардык чыгармаларын калтырбай окуп, сугарылгам десем жаңылбайм. Эң жакшы көргөн жазуучум. “Гүлсарат” чыгармасында Танабайдын сүйгөнү Бүбүжандын ролун аткардым. Бир четинен мага бул ролду ойнош кыйын болду жана ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти сезе билдим. Болгон күч аракетимди жумшадым. Анткени “Гүлсаратты” репетиция кылабыз деп күн сайын жумуштан кийин түнгө чейин калып иштеп аттык. Кичине эле көзүңдү Танабайга карап туура эмес сүзүп койдуң режиссер “жарабайт, андай эмес мындай” деп көп ирет кайталатып атты. Чынын айтсам, мейли драмалык, мейли киноактриса болсун, алардын жумушу абдан эле оор экен. Сыртынан оңой көрүнгөнү менен өзүбүз жонтерибиз менен сезип көрдүк.


Дастан УСУБАЛИЕВ, Октябрь райондук соттун жардамчысы:


— Кичинекейимде айылда ат минип чоңойдум. Ошондуктан мага “Гүлсаратта” Танабайдын ролун аткарыш бир аз да болсо жеңилирээк болгонсуду. Албетте, Чыңгыз атабыздын кайсы гана чыгармаларын албайлы, баардыгы дүйнөлүк мерчемде жазылып, адамзаттын жандүйнөсүнө рухий азык берет эмеспи. Ролду аткарууда бир жери бар, Танабай өзүнүн сүйүктүү атын жоготкону. Бул сезимди берүү, көрөрмандарды болушунча ишендирүү оңойго турган жок. Өз алдымча көпкө түйшөлдүм. Ар бир репетиция учурунда өзүмдүн айылымда атым көз алдыма келип турду. Канча кыйын болбосун аны менен бирге чексиз рахат алдым.


Асел РАВШАНБЕКОВА, Биринчи Май райондук соттун жардамчысы:


— Чынын айтканда, залкар Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын ролун жаратыш мен үчүн кыйын эле болду. Китептеги жазылган нерсени элге көрсөтүү, сестендирүү баардык эле адамдын,


актёрдун колунан келе бербейт. Мен үчүн эң кыйын жери, акырында Толгонай “мен ушунун баарын көргүчө өлгөнүм эле жакшы болчу!” деп айткан жерин чыгарыш кыйынга турду. Бу жолу аткарып атып, көзүмдөн жаш кантип шорголоп кеткенин да байкабай калдым. Берилип аткардым окшойм. Кудай жалгап, “киного тартыл” деп режиссер келип калса, бу жакта да күчүмдү сынамакмын.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ


«Азия NEWS» гезити 20-июнь 2019-жыл №24 (311)