KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Фото – Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна дайындалган судьялар ант беришти

29 июля 2019

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 25-июлундагы  ПЖ № 97  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.


Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  25-июлдагы  ПЖ № 98 Жарлыгы судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад облустук сотуна  — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич, Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович, Талас облустук сотуна — Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна  – Маматалиева Айнура Сайбидиновна жиберилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.


https://kyrgyztoday.org/news_ky/foto-zhalal-abad-osh-talas-oblustuk-sottoruna-zhana-bishkek-shaardyk-sotuna-dajyndalgan-sudyalar-ant-berishti/