KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Г.Калиева: Аз убакыттын аралыгында республиканын бардык сотторунда автоматташтырылган маалымат системасы киргизилди

13 марта 2019

2019-жылдын  11-мартында  Бишкекте жергиликтүү  соттордун 260    судьяларынын  катышуусунда соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы презентацияланды.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаков, Кыргыз Республикасындагы Европа биримдиги өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун  менеджери Никола Скарамуццо, Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси  Стефанос Кареклас, ошондой эле  аталган Программанын  негизги  эксперти Кристоф Копецки жана  улуттук эксперт  Гульнура Толеевалар катышышты.


Судьяларга  Чүй облусунун Аламүдүн райондук  сотунун судьясы  Азамат Узакбаев, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев жана автоматташтырылган маалымат ситемасын иштеп чыккан    “Бизнес жана инновациялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Илзат Исмаилов презентациялашты.


Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева судьялардын курултайында өлкө башчысы  бүгүнкү күндө  санариптик судьялар керек  деп айткандыгын эске салды. Ошондуктан, судьялар иштерди жардамчыларга жүктөп койбой, өздөрү дагы автоматташтырылган маалымат системасын толук  колдонууга аракет кылуусу керек экендигин баса белгиледи. Андыктан,  судьяларды аталган системанын ийгиликтүү иштешине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. Төрайым эки жыл бою   автоматташтырылган маалымат системасы  3 пилоттук сотто: Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук  соту жана Бишкек шаардык райондор аралык сотунда иштеп келгендигин айтып, үч айдын ичинде өлкөнүн бардык  жергиликтүү сотторунда орнотулгандыгын кошумчалады. Аз убакыттын ичинде бардык соттор  системага камтылып, 100дөн ашык кызматкерлер окуулардан  өтүшкөн жана азыр дагы  жергиликтүү  соттордун канцелярия кызматкерлери үчүн электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү окуулары улантылып жатат.


Кыргыз Республикасындагы Европа биримдиги  өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун  менеджери Никола Скарамуццо  аталган система  соттордун көз карандысыздыгын,  эффективдүү иш алып баруусун камсыз кылып, коррупцияга каршы күрөшүүгө көмөктөшүп,  сот тутумунун ачык-айкындуулугун көрсөтүп турарын  белгиледи.


Ал эми Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас   жана  аталган Программанын  негизги  эксперти Кристоф Копецки  аталган Программанын  алкагында Европа биримдиги Кыргызстандын сот системасына  автоматташтырылган маалымат системасынын ийгиликтүү  ишке ашырууга  ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.


Эсиңиздерге сала кетсек,   бул система   Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылып жатат.