KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIV – Кеңешмесине катышууда

18 июня 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 18-июнунда, Сочи шаарында   Шанхай кызматташтык уюмуна  (ШКУ ) мүчө мамлекеттердин  Жогорку сотторунун төрагаларынын XIV – Кеңешмеси өз ишин баштады. Кеңешменин ишин  Россия Федерациясынын  Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев ачты.


Адам укугун коргоо,  соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө жана иштерди кароонун  мөөнөттөрүн кыскартуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерге  жаңы чакырык болуп калгандыгын, кеңешменин алкагында Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев билдирди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева өз сөзүндө  ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмесинин алкагында кызматташуу өзүнүн оң натыйжаларын берип, бирдиктүү укук колдонуу практикасын  камсыз кылууга салымын кошуп,  достук мамилелердин  бекемделишине,  ошондой эле конструктивдүү жана ишенимдүү кызматташтыкка  көмөктөшөт.


Белгилей кетүүчү жагдай,  кеңешменин соңунда  анын катышуучулары  ШКУга  мүчө мамлекеттердин  жогорку сот органдарынын  кызматташтыгын улантуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол  коюушат.