KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XV Кеңешмесине катышууда

30 октября 2020

Бүгүн,  2020-жылдын 30-октябрында, видеоконференция байланышы аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө  мамлекеттердин  Жогорку сотунун төрагаларынын XV Кеңешмеси  өтүп жатат.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана жергиликтүү соттордун судьялары,  Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов, Индия Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Удай Умеш Лалит, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Эл Сотунун  төрагасы Чжоу Цян, Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Муниб Ахтар,  Россия Федерациясынын  Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев,  Тажикстан Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Шавкат Лутфуллозода, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Козимджан  Камилов, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы  Валентин Сукало, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин катышууда.


Ошондой эле Кеңешмеге Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы  Владимир Норов, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү,  Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочу-мамлекеттери, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин элчилери көз салышууда.


Онлайн Кеңешменин  жүрүшүндө Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова “Сот тутумундагы коррупцияга каршы чаралар жөнүндө” доклад жасады. Ал эми Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы  Өмүрбек  Сарыбаев “Заманбап сот өндүрүшүн автоматташтыруу”, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы  Мелис Тагаев “Дүйнөлүк пандемия жана экономикалык кризис шартында сот адилеттиги” темасында доклад менен чыгышат.


Конструктивдүү жолугушууда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана социалдык медианын таасири, анын ичинде сот адилеттигинин чуусу сотко кысым көрсөтүү фактору катары, ошондой эле  соттордо коррупциялык  тобокелдиктерди жоюу, жазык мыйзамдарын гумандаштыруу, конституциялык баалуулуктарды жайылтууда, мамлекеттин укуктук жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда укуктук мамилелерди жөнгө салууда соттордун ролу талкууга алынат.


Белгилей кетүүчү жагдай, аталган Кеңешме өткөн жылы Россия Федерациясында өткөн болсо, быйыл анын уюштуруучусу Казакстан Республикасы. Кийинки иш чара Кыргыз Республикасында өтөт.