KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева КМШ Төрагалар Кеңешинин ХIV отурумуна катышты

25 ноября 2020

Бүгүн,  2020-жылдын 25-ноябрында, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин экономика жаатындагы  талаш-тартыш маселелерди чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка  соттордун  төрагалар кеңешинин кезектеги он төртүнчү  отуруму  видеоконференция байланышы аркылуу Белорусиянын Минск шаарында  өттү.


Иш  чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева, ошондой эле Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  КМШ бөлүмүнүн башчысы  Жылдыз Кожобековалар  онлайн катышышты.


Отурумду Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — КМШнын Аткаруучу катчысы В.А.Гуминский ачып, Төрагалар Кеңешинин ишмердүүлүгүнө токтолду.


Катышуучулар  КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку соттордун төрагаларынын Кеңешмесин түзүү туурасында Макулдашунун долбоорун жактырышып, ошондой эле  аталган Кеңешмеге төрагалык кылуу  туурасында  маселени талкуулашты.


Өз кезегинде Гульбара Калиева  өлкөлөр ортосунда түзүлгөн кызматташтык жана жылуу мамилелер мындан ары дагы өз ара байланыштарды бекемдей тургандыгын ырастады.


Айта кетүүчү жагдай, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин экономика жаатындагы  талаш-тартыш маселелерди чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка  соттордун  төрагалар Кеңеши  буга чейин он үч жолу отурум өткөрүшкөн.


Учурда аталган Кеңешменин мүчөлөрү:  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Армения Республикасынын Кассациялык Сотунун Төрагасы Ерванд Хундкарян, Беларусь Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Сукало Валентин Олегович, Казакстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Асанов Жакип Кажманович,  Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун Төрагасы Лебедев Вячеслав Михайлович жана Тажикстан Республикасынын  Жогорку экономикалык сотунун Төрагасы Мавлуда Каландарзода кирет.