KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышына катышты

11 июня 2019

2019-жылдын 11-июнунда  оңдоо-түзѳѳ иштери ѳткѳрүлгѳндѳн кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышы болуп ѳттү. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Тѳрайымы Гулбара Калиева, Кыргыз Республикасынын  Юстиция министри Марат Джаманкулов, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Йекта Камиль Ноян, Түркия Республикасынын  Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташтык жана өнүгүү боюнча Түрк башкармалыгынын (TIKA) Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Конституциялык палатанын судьялары жана башкалар катышышты.


 Конституциялык палатанын тѳрагасы Э. Мамыров ѳз сѳзүнүн жүрүшүндѳ аземдин катышуучуларынын кѳңүлүн мындай оңдоо-түзѳѳ иштери соттук отурумдар залы менен китепканада 1996-жылдан бери ѳткѳрүлѳ элек экенине бурду. «Ошондуктан Конституциялык палатанын инфраструктурасы чет ѳлкѳлүк конституциялык соттордукунан артта болгон. Бирок өзүңөр көргөндөй, сот отурумунун залы бүгүн заманбап инженердик-техникалык каражаттар менен жабдылган» – деп Төрага белгиледи. Төраганын пикиринде, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын милдеттерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоосун эске алуу менен, заманбап жабдуу Конституциялык палата үчүн, өлкө санариптештирилип жатканда, актуалдуу болуп саналат.


Коноктор салтанаттуу ачылыш аземинин символикалык лентасын кескенден кийин, Конституциялык палатанын соттук отурумдар залын жана китепканасын көрүп чыгышты. Иш-чаранын катышуучулары судьялардын жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин иши үчүн гана эмес, имаратка келүүчүлөргө да керектүү шарттар түзүлгөнүн белгилешти.