KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарды

06 февраля 2020

2020-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын катышуусунда Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү соттордун 2019-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


Кеӊешмеге Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Айбек Молдакунов, облустук соттун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.


Жыйында облустук соттун судьялары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен  тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Гулкайыр Алиеванын маалыматы боюнча 2019-жыл ичинде биринчи инстанциядагы сотторго бардыгы болуп 5674 жарандык иш келип түшкөн, алардын ичинен 3845 иш каралып, 710 арыз кароосуз калтырылып, 43 иш кыскартылган.


Ал эми облустук соттун судьясы Анара Омуралиева райондук жана шаардык соттор тарабынан 494 жазык иш каралганын, 167 иш кыскартылып, 3 иш прокуратурага тергөө мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн жана 42 иш башка себептерден улам кайтарылганын билдирди.


Андан соң, Гульбара Калиева маанилүү маселерге токтолуп,  жалпылаштырылган соттук тажрыйбага жетишүүгө, иштерди мыйзамдын талаптарына ылайык мөөнөттөрүн өткөрбөй кароого чакырып, судьяларды соттук актылардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөгө милдеттендирди.


Ошондой эле, учурда көп каралып жаткан никени жокко чыгаруу, ата-энелик укуктардан ажыратуу жана башка иштердин себептерин талдап, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, судьяларды жаңы мыйзамдарды практикада колдонууда пайда болгон суроолорун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна  жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешине жиберип турууга чакырды.


 


Ысык-Көл облустук сотунун


басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева