KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

К.Бокоев Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктардын укуктары боюнча атайын докладчысы менен жолугушту

11 декабря 2019

Бүгүн, 2019-жылдын  10-декабрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктардын укуктары боюнча атайын докладчысы Фернан де Варенна менен жолугушту.


Иш чарага атайын докладчынын жардамчысы Дамианос Серефидис,  БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын  Башкармалыгынын өкүлү Юлия Воцлава, жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиянын  ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Билибаев  жана коомчулук менен байланыш, ЖМК жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Шаира Чернявская  катышты.


БУУнун азчылыктардын укуктары боюнча атайын докладчысы Фернан  де Варенна Кыргызстанга тийиштүү  мамлекеттик органдардан улуттук же этникалык, ошондой эле  диний азчылыктарга кирген жарандардын абалы, мындан тышкары   Кыргыз Республикасындагы  азчылыктардын укуктарын коргоого байланышкан маселелер тууралуу маалымат топтоп, кеңештерди берүү  максатында келген.


Фернан  де Варенна  чогултулган маалыматтар талданып  2012-жылы доклад түрүндө Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине  тапшырылаарын билдирди.


Жолугушуунун соңунда  К.Бокоев  конокторду  иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.