Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-26 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Качыке Эсенканов: Биз азыр жаңы жана эски кодекстер менен иштеп жаткан өткөөл мезгил

28 января 2019

Белгилүү болгондой 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар  тууралуу кодекс жана  «Пробация жөнүндө» жана  “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирди. Жаңы  кодекстердеги  өзгөчөлүктөр боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Качыке Эсенканов менен маектештик.


 Жаңы кодекстер күчүнө кирип иштеп баштаганына  бир айга чукулдап калды,  бул кодекстердин өзгөчөлүктөрү туурасында айтып бересизби?


 2019-жылдын 1-январынан баштап  5 кодекс  жана 2 мыйзам күчүнө кирди. Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу,  жазык-процессин азыркы эл аралык талапка жараша жаңылатуу болду. Мына  ушул жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер менен иштеп келе жатабыз. Бул мыйзамдарды иштетүү боюнча айта кетсек,  1-январга чейин  жасалган кылмыштар  эски  кодекс менен каралат, ал эми 1-январдан кийинкилери  жаңы кодекстин негизинде. Биз азыр жаңы жана эски кодекстер менен иштеп жаткан өткөөл мезгил.


Эл арасында ар кандай пикирлер болуп жатат, бул мыйзамдарды колдонууда башаламан болбойбу?


-Эч кандай баш аламандык болбойт. Бизге кандай милдет жүктөлсө, ошону аткарууга милдеттүүбүз. Парламент кабыл алып, мыйзамдар күчүнө киргиче  бир  жылдай убакыт өттү. Биз ушул мезгилде даярдандык. Айтсак, бир жыл ичинде 270 судья окуудан өттү.   Ошондой эле   азыр да  ар  апта сайын жума күндөрү  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда видеоконференция уюштурулуп, жергиликтүү сотторго түшүндүрмө берилип жатат.


Бул кодекстердин  мурдагылардан айырмасы барбы?


 Баардыгы  өзгөртүлдү дегенден алысмын.  Кодекстердеги  бир топ нормалар  жаңыланды, айрымдары мурдагыдай калды.   Кээ бир жоболор жаңыча өзгөртүлдү. Мисалы, Жазык- процессинде эки гана стадия болот. Сотко чейинки өндүрүш анан соттон кийинки. Сотко чейинки өндүрүштө,  соттук көзөмөл коюлуп, тергөө стадиясына  контроль күчөтүлдү. Сот стадиясында  дагы тараптарды жараштыра турган жаңы нормалар   киргизилген. Мындан тышкары  күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташам десе, андай процедурага дагы жол берилген.  Бул 5 кодекс иштелип чыгып эле судьялар  аны менен иштей баштады деп айта албайбыз.  Жумушчу топ кодекстердин  долбоорунун үстүндө иштеп жатканда эле алар  судьялар менен  макулдашып,  талкууланган болчу.  Ошондуктан, судьяларга  бул кодекстердеги өзгөрүүлөр  мурда эле белгилъъ болгон.


Жаңы кодекстерде  коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт кое турга жагдайлар каралды беле?


 Ар бир сот процесси эми жазылып турат, тараптардын катышусу кеңейтилди.  Айта турган болсок, баш коргоо чарасы  каралганда мурдагы мыйзамдар боюнча тараптар катышчу эмес, азыр тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ал эми атаандаштык процесси деп коет, прокурор коюлган күнөөнү далилдөөгө аракет кылат, жактоо жагы аны жокко чыгаруу аракетин көрөт. Ушулар жаңы жоболор  менен толукталды.


Азыр коомчулукта жаңы кодекстер күчүнө кирери  менен  айып пулдар боюнча көп маселе жаралды?


Айып пулдар  Бузуулар жөнүндө кодекс менен жөнгө салынат. Бул укук бузуулар сотто каралбайт. Мисалы, жол эрежесин бузгандар, мас болуп  колго түшкөндөргө жазаны жаңы кодекс боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар карайт. Бирок, ар бир жаран сотко арызданып кайрылууга укуктуу. Ал райондук соттордо эле каралып,  кийин даттанылбайт.


Маектешкен: Вера Беделбек


Булак:  «Кыргыз Туусу» гезити.


2019-жыл 25-январь №5 (24301)