KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Каныбек Бокоев: "Жаңы мыйзамдар өзүнүн оң натыйжасын берет деп ишенем"

23 января 2019

2019-жылдан тартып Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Коомчулук, мамлекет үчүн бул жаңы кодекстер менен мыйзамдардын канчалык мааниси бар?


Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 22-декабрында кабыл алынган жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Ар учурда заманга жараша мыйзамдар колдонулуп келген. Буга чейин 1997-жылы кабыл алынган Кодексттер колдонулуп жана алар өздөрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткарып бүтүп, азыркы учурдун талабына ылайык Мыйзамдарды кабыл алуу зарылчылыгы болгондугуна байланыштуу аталган Кодексттер кабыл алынган. Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Мыйзамдардын мамлекеттин жана коомдун алдында негизги мааниси болуп, элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу, тактап айтканда соттук бийликке ишеним арттыруу менен мамлекеттин башка бийлик бутактарына дагы жеткирүү. Ошондой эле, жаңы мыйзамдардын коом алдында дагы чоң мааниге ээ. Анткени, коомдо сот бийлигине болгон жаман сөздөр көп айтылып келген, эң негизгилеринен болуп “эң жөнөкөй кылмыш жасаса дагы соттор камап салышты” деген сөздөр, аталгандай болбош үчүн жаңы мыйзамдарда “Гуманизация” принциби сакталган.


Бузуулар кодекси жана Жоруктар кодекси”  боюнча түшүндүрмө берсеңиз? Жоруктар (о нарушениях) деген термин туура эмес колдонулуп жаткандай. Эмне себептен жосундар (о проступках) эмес, “Жоруктар кодекси” деп аталды?


Бузуулар кодекси бул мурунку Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик  жөнүндө кодексинин ордуна кабыл алынган жана андагы негизги өзгөчөлүк укук бузуучуларга карата чараны сот көрбөйт. Ал эми, Жоруктар кодекси бул жаңыдан келген түшүнүк, мурда анча оор эмес кылмыштар үчүн дагы кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган болсо азыркы учурда жаңы өзүнчө кабыл алынган Кодекстин негизинде алардын баары кылмыш эмес жорук катары бааланат жана соттолду болуп саналбайт. Ал эми анын аталышы боюнча эч нерсе айта албайм, анткени аны аталган Кодекти иштеп чыгышкан жумуш тобуна берүү максатка ылайык болот.


Өлкө башчы жаңы мыйзамдардын кабыл алынышы менен бир нече институттардын пайда болушун айтты. Ал институттардын түзүлүшү канча убакытты талап кылат?


 Туура, жаңы мыйзамдардын кабыл алыныш менен бизге мурда тааныш болбогон институттар пайда болду, алар бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, пробация, медиация сыяктуу институттар. Сотко тиешелүү “тергөөчү судья” тууралуу айта кетсем, аталган жылдын башынан эле тергөө судьялары өздөрүнүн ишин башташкан жана чындыгында азыркы учурда кичине кыйынчылыктар болуп жатат, бирок аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жардамы менен өз убагында четтетилип жатат.


“Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» жаңы мыйзамга ылайык кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?


Негизинен аталган мыйзамда мунапыс берүүнү жол-жоболору, түшүнүктөрү камтылган. Ал эми Мунапысты колдонуу тартиби жана башка өзгөчөлүктөрү кабыл алына турган мунапыстын өзүндө болот.


Сот тармагын санариптештирүү жана Бирдиктүү реестр жарандар үчүн канчалык натыйжалуу болот деп ойлойсуз?


 Аталган өзгөрүүлөр өзүнүн оң натыйжасын берет деп ишенем. Анткени, сот тармагын санариптештирүү менен сот системасынын ачыктыгы көрсөтүлөт жана жарандар үчүн эң жеңилдетилген шарттар түзүлөт. Ошондой эле, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштөөсү менен жарандардын жана ар кандай мекемелердин маалымат алуусу жеңилдейт. Ошондой эле кылмыш тууралуу арыздын келип түшкөнүнөн тартып соттун өкүмү чыкканга чейинки маалыматты камтыйт. Бул дегени ар бир жаран арызы боюнча иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы жана кайсы баскычка жетип калгандыгын биле алышат. Мындан сырткары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин иштөөсү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жүктөлгөн.


Жаңы түзүлө турган институттар элдин сот тармагына жана укук коргоо органдарына болгон ишенимин кайтара алабы?


Жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизги максаттарынын бири болуп элдин сот тармагына жана укук коргоо органдарына болгон ишенимин кайтаруу. Аталган максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот системасынын жогорку органы болгондуктан өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Андыктан мындай өзгөрүүлөр өзүнүн оң натыйжасын берет деп ишенем.


 Вера Беделбек,


“Кыргыз Туусу” 2019-жылдын  22-январы №4 (24300)