KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кичи футбол боюнча кезектеги турнир өткөрүлдү

30 апреля 2019

Кочкор районунда Нарын облусунун сот  кызматкерлеринин арасында  кичи футбол боюнча кезектеги турнир жыйынтыкталды. Аталган мелдеш  өткөн жылы  спортту  өнүктүрүү,  жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  багытында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   төрайымынын кубогуна карата республикалык мелдешке  даярдык  көрүү максатында уюштурулган.


Толуу  аймакта 3-жолу  өткөрүлүп жаткан бул турнирди  бул жолу Кочкор райондук соту демилгелеп уюштуруп беришти.  Ага жалпысынан тогуз команда  катышты. Мында мурдагы мелдештерден айырмаланып, судьялар өзүнчө бир команда түзүү  менен  турнирге  катышканы болду. Мелдеш күйөрмандардын коштоосу менен курч мүнөздө өтту.


Спортто күчтүүлөр гана жеңишке жетишет,-дегендей финалда  Ак-Талаа району менен Жумгал районунун оюнчулары кезигишти. Натыйжада турнирдин   өтмө кубогу менен акчалай сыйылыгын Жумгал райондук сот кызматкерлери жеңип алышты.


Ал эми үчүнчү  байгелүү орунду   Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасынын  топ ээлери  багындырышты. Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу  номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.


Эскерте кетсек, кичи  футбол боюнча Нарын облусунун сот кызматкерлеринин  арасындагы  өтүп жаткан  мелдештер  жыл ичинде  ар бир квартал сайын  уюштурулуп келет.


 


            Б.Белеков.


       Нарын облустук сотунун


       басма сөз катчысы