KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кочкордо 84 жаштагы энесин баса калып сабап, үйүн талашып соттошкон кыз соттон уттурду

15 апреля 2019

Ыйман-ызааттын деградациясы – соттон изделген “акыйкат”


Кыргыз эли өзүнчө улут катары кылымдар кыйырынан бери не бир оомал-төкмөөл замандарды башынан кечирип,  чачылса да бөксөрбөй, чайпалса да  төгүлбөй, башкысы тилин,маданиятын, салт- санаасын сак-сактап бүгүн биз баарыбыз жашап жаткан ХХI кылымда өз алдынча мамлекет, түбү түптүү  журт болуп олтурабыз. Албетте мындай өз алдынча түндүк көтөргөн эгемендүүлүккө жеткенибиз менен ошол алмустактан бери элибиздин канына сиңген үй-бүлөдөгү ата менен баланын, эне менен кызынын деги эле бир туугандар ортосундагы салттуу улуу касиеттерибиз  жыл өткөн сайын  тукулжурап бара жаткандыгы кейиштүү маселеге айланып барат.


Дегенибиздин себеби, жыл сайын бийликтин үч бутагынын бири болгон  сот бийлигинен  адилеттик менен мыйзам чегиндеги чындыкты издеген жарандарыбыздын турмуштарындагы ар кандай   кыйчалышка  кабылган сан түрлүү  тагдырлары  тиешелүү соттук актылардын чегинде    тараза  ташы тигил же бул тарабына   ооп келет.  Мезгил бир ордунда турбаган сымал, баарыбыз көрүп билгендей коом өзгөрүп, адамдардын дүйнө  таанымдары да   өзгөрүп, кечөөгүнкү менен  бүгүнкүнүн  айырмасы улам алыстап бара жаткандыгы,серп сала келген  адамга асман  менен жердей болуп калды, десем мүмкүн жаңылышпасам деле керек.


Сот өндүрүшүндөгү жарандардын ортосундагы  жер талаш, мүлк талаш жана башка пикир келишпестиктерди    сыдыргыга салып,   талдай  келгенде,   башкасын айтпай эле коёлу  “эл укса эмне дейт, эртеңки күнү элдин бетин кантип карайм”,- деген  ыйман-ызаатыбыз менен  эчак эле кош айтышканбызбы дейсиң, Аттиң, кыргыз  элибиз  жаралгандан бери күндөлүк  жашоо турмушундагы     эч бир жерде кагаз бетине  түшүрүлбөсө да негизги жашоо турмушунун философиясына айланган ыйман-ызааттын “кодекстеринен” турган     нукура   касиетибизди  бүгүнкү күндө   күндүз чырак менен издесек да  таппай калган окшодук.


Анда эмесе, сөздүн ток этээр жеринен баштап, окуянын өзөгүнө токтололу. Жашоо турмушуна нааразы болгон кайсыл  бирөө  “туулдуң калдың балаага, турмушуң эшек араба”,-деп айткандай, адам баласынын бул жарыкчылыктагы тагдырлары, жашоодогу жолдору  да  ар түрдүү эмеспи.    Айрымдарынын  турмуштагы жолдору не бир кыйынчылык менен өткөн бийик ашууларга туш келгендей  көр –тирликтин  таттуусунан да ачуусу арбын күндөрү менен алпурушкан жашоону башынан кечиришет.


Алдын-ала эле айта кетели  төмөндө сөз кылганы жаткан    темабыздын  каармандары же тагыраак айтканда, чыгарылган чечимге нааразы болгон  бир  тарабы даттануу келтирип ,экинчи инстанциядагы сотко кайрылып олтурушат.  Биринчи инстанциядагы райондук сот  эне менен кызынын ортосундагы турак-жай  талашын   эненин пайдасына чечкен.


Апал апа (аты өзгөртүлдү) бүгүн 84 жаштын чайын ичип, карылыктын сыйын көрүп, минтип балпайып төрдө отураарда, өзүнүн көкүрөк күчүгү менен соттошом деп  мурун-кийин эч деле ойлобосо керек. 1934-жылдары жарык дүйнөгө келип, балалык кези согуштун оор жылдарына туш болду. Ошентип жылдар алмашып, бой тарткан кезинде  өзү туулуп өскөн Кочкор өрөөнүнө турмушка чыгып , өмүрлүк жары менен эл катары оокат кечирип келди. Ортодо кыздуу болушту. Кызы бой тартып  калганда жолдошу каза болду. Кийин экинчи жолу турмушка чыгып ал күйөөсүнөн да Айгүл аттуу ( аты өзгөртүлдү) бир кыздуу болду. Ошентип күндөр, айга, айлар жылга алмашып дегендей, улуу кызы өз теңин таап  дегендей, турмуш   калыбына түшүп жаткан.


Буга чейин турмушка чыккан экинчи жолдошу менен ар кимдин үйүндө баш калкалап жүрүшкөндө  улуу кызы 1986-жылдары Кочкор айлынан чакан там сатып берип, “ үңкүр   болсо да өз үйүм”,- дегендей  мурдагыдай ар кимдин үйүндө убактылуу баш калкалаган күндөр эми  биротоло артта калган. Ошондо 11ге чыгып калган  кенже  кызы    Айгүл экөөнүн кубанычтарында шек жок эле.


Ал арада  Апал апанын  кийинки жолдошу да каза болду.  Жабышкан оору улуу кызын да колунан жулуп кетти.  Колундагы жалгыз  кызы Айгүлдү элдин балдарынан кем кылбай бакканга аракет кылды. Райондун борборундагы орус мектепте билим алды.  Ара чолодо улуу кызынын балдарына да тээк болгон түйшүктүу күндөр өтүп жатты. Маңдайга жазгандан качып кутула албайт экенсин, тирүүнүн күнү улана берет эмеспи. Колундагы кенжеси  Айгүл   кесиптик техникалык окуу жайында билим алып жатканда турмушка чыгып, үч балалуу болгондо  анын да жолдошу каза болду.


Кыскасы, окуянын ток этээр жерин айтканда  Айгүл Бишкек шаарындагы  кайсыл бир ишканада тигүүчү болуп иштеп, бир нече жолу турмушка чыккан. Акыркы күйөөсүн апасынын турак-жайына алып келип, чыр-чатак чыгарып, апасына  “өлтүрөмүн”, “ жоготомун”- деген жаман сөздөрдү айтып, райондук сот тарабынан административдик  жоопкерчиликке тартылган. Андыктан чыр–чатактын башы Кочкор айылындагы апасынын наамына катталган кыймылсыз мүлк  болгон  турак-жайды 1996-жылдардын жаз айында өз ара келишимдин негизинде Айгүл белек катары өзүнө  каттатып алгандан бери  башталгандай.


Соттук териштирүүлөрдө Апал апа  экинчи класс билими бар экенин, турак-жайды белекке бергени жөнүндө сабатсыздыгынан улам пайдаланып кол койдуруп алганын, үйгө кызы Айгүлдүн тиешеси жок экендигин,  эчкинин жашындай биртке  жашы калганда ушул үйдөн сөөгүм чыкса деген тилегин билдирди. Мындан сырткары  турак –жайга тийиштүу коммуналдык төлөмдөрдү дайыма  өзү төлөп келе жатканын, кызы менен акыркы төрт жылдан бери катташпаганын,  кызынын жардамынын кереги жоктугун, кызынан биротоло  көңүлү калганын билдирген.


Сот отурумунун жүрүшүндө кызы Айгүл  белгисиз таксини айдатып келип, “небереңиз ооруп жатыптыр, сизди көрөм деп жатат”,- деп таксинин айдоочусунан айттырып, Бишкектеги      көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, эркине каршы беш күн үйгө камап коюп, жакындары издей баштаганда кайра алып келүүгө аргасыз болгон.  Райондук сотто күбө катары өткөн улуу кызынын кызы бир күнү тайнеси “тамак бербей жатат” деп ага телефон чалганын, ошондо үйгө келип  3 күн чогуу алар менен жашаганын,  ал  кезде  Айгүл жолдошунан ажырашып, Кочкордо жүргөндө,    эшикке чыгып келгенче,   тай энесин басып алып сабап жатканын,  тай энесине болушуп Айгүл менен уруша кетишкенин көрсөткөн.


Ушул сыяктуу эле көрсөтмөлөр  мурдагы соттук териштирүү учурунда күбөлөр  тарабынан да айтылып, анда кызы апасына  кол көтөрүп, денесин көк-ала кылып сабаган күндөрү болгонун,   апасы  кызын аяп,  милиция кызматкерлерине кайрылган эмес.  Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Апал апа  2014-жылдан тартып,   багар-көрөрү жок  улгайган адам катары,  каттоого  алынып, материалдык жардамдар берилип келет.


Сот отурумунда    апелляциялык даттануусун колдогон Айгүл, апасы 61 жашында турак жайды  ага каттатып белекке берип жатканда нотариалдык кеңсенин кызматкери тарабынан баардык шарттары түшүндүрүлгөндүгүн, “апамды багып, ага каралашам”,- деген сөз болбогондугун   жана ал боюнча милдеттенме алган эместигин,   белекке берүү келишиминин негизинде анын укугу Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында катталып турарын,  апасын жакшы көрөрүн, бирок бул жерде эжесинин балдары апасын кыйнап, турак жайды кайтарып алууну талап кылып жатышаканын айтып, азыркы учурда апасын багып алууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, бирок, үйгө келсе апасы киргизбей жатканын билдирген.


Ооба, бул жерден  айталы дегенибиз элибиздин каны –жаны менен  бүткөн,  ата-бабаларыбыз төкпөй –чачпай дегендей,   муундан- муунга өткөрүп  келген өзгөчө  касиеттүү ыйык делген  салт-санаабыздын, каада салтыбыздын минтип кайсыл бир үй-бүлөнүн мисалында   тукулжурап турганы бүгүн баарыбызды тең ойлонтуучу маселе болуп жаткандыгында.


Жыл сайын республикабыздын аймагындагы жергиликтүү  сот  өндүрүштөрүндөгү  жыл  ичинде каралган баардык иштердин  басымдуу бөлүгүн  же болбосо   дээрлик 70 пайызга чукулу   адам укуктарынын ар турдүү аспектидеги кызыкчылыктарынын мыйзамдуу корголушу, тагыраак айтканда   кыймылдуу жана   кыймылсыз мүлктөр боюнча  өз ара талаш-тартыштар, кайсыл бир бүтүмдөрдү жарактуу же  жараксыз деп  табуу, эмгектик , укуктук мамилелер, материалдык зыяндын ордун толтуруу,   үй-бүлөлүк талаштар жана башка ушул сыяктуу    жарандык  маселелердин  тегерегиндеги иштер түзөт.


Ал эми облустук соттук коллегия  тарабынан  каралаган бул иш боюнча жыйынтык төмөндөгүдөй болду.


Кыргыз Республикасынын Жарандык  кодексинин 196-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө   ылайык,   жаңылуудан улам түзүлгөн, олуттуу мааниге ээ болгон бүтүм жаңылуудан улам аракеттенген тараптын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.  Эгерде бүтүм жаңылуудан улам түзүлгөн катары жараксыз деп табылган болсо, анда ушул Кодекстин 184-беренесинин 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.


Аталган кодекстин 184-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, бүтүм жараксыз калганда тараптардын ар бири экинчи жагына бүтүм боюнча алган нерселеринин баарын кайтарып берүүгө, ал эми натуралай алганын (анын ичинде алган  мүлктү пайдаланууда, аткарган ишинде же кызмат көрсөтүүсүндө билдирилсе) кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү жок учурда, эгерде мыйзамда бүтүмдүн анык эместигинин башка кесепеттери каралбаса, анын наркынын ордун акчалай толтурууга милдеттүү.


Жогорудагы жагдайлардан белгилүү болгондой, Апал апа  кызы менен аны багып каралашат деген ой менен, иш боюнча талашып жаткан турак-жайды тартуулоо келишимин түзгөн, тактап айтканда ал бүтүмдү түзүүдө жаңылануудан улам аракеттенген.


Мындай жагдайда,  биринчи инстанциядагы сот, жабырлануучу  менен кызынын   ортосундагы   1996-жылы № ХХХ саны менен катталган   Кочкор айылындагы ал турган    даректеги жайгашкан кыймылсыз мүлк  турак жайды белекке берүү келишимин жокко чыгарып, мүлк ээси  Апал  апага  кайтаруу жөнүндө негиздүү тыянакка келген.


Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын  Жарандык процесстик кодексинин 338-беренесинин 1-бөлүгү, 343-344-беренелерин жетекчиликке алып, облустук  соттук коллегия Кочкор райондук сотунун 2018-жылдын 3-октябрындагы  чечимин  өзгөртүүсүз калтырды.


    Б.Белеков


 Нарын облустук сотунун басма-сөз катчысы


 


https://kyrgyztoday.org/news_ky/kochkordo-84-zhashtagy-enesin-basa-kalyp-sabap-ujun-talashyp-sottoshkon-kyz-sotton-utturdu/