3-декабрь – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери өспүрүм балдарга кайрымдуулук көрсөттү.
Иш чаранын алкагында облустук соттун профсоюздук комитетинин мүчөлөрү өспүрүмдөргө жылуу кийим-кечелерди, азык-түлүктөрдү, таттууларды, кир жуучу каражаттарды жана канцеляриялык буюмдарды сатып алып, үйлөрүнө жеткирип беришти.
Кайрымдуулук акциясы 2018-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Ысык-Көл аймагында жарыяланган «Биз биргебиз!» аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы,
Гульзада Аширбаева