KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Карылардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо сөзү

01 октября 2022

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Ардактуу аталар жана энелер!


 


Кылымдардан бери кыргыз эли өз карыларын кастарлап, алардын акыл насаатына, кеп-кеңешине кулак салып, аларды бийик коюп, ар убакта урмат-сый көрсөтүп келгендигин тарыхыбыз таамай көрсөтүп турат. Элибизде бекеринен «Карынын кебин капка сал»,  «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деп айтылбаса керек.


Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.


Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.


Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.


Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем!


Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.


Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу аталар жана энелер!Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!