KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Эл аралык валюта фондусунун өкүлдөрүн кабыл алды

15 марта 2019

2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы  Гульбара Калиева Эл аралык валюта фондусунун юридикалык департаментинин  улук кеңешчиси  Себастьян Помпени кабыл алды.


Бул жолугушууда Кыргыз Республикасындагы  соода талаш-тартыш маселелерин чечүү  аракеттери  көтөрүлдү.


Себастьян Помпе биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасынын жүрүшүнө,  судьялардын жүктөмү, болгон статистикага,  жарандардын сот  системасына болгон  ишениминин деңгээлине кызыкты.


Жакында эле  мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы болуп,  сот тутуму үчүн  актуалдуу болгон:  сот органдарында  мыйзам үстөмдүгүн  камсыз кылуу жана  коррупцияга каршы күрөшүү, кадрдык саясат,  жарандардын  кеңири катмары үчүн  сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана башка  маселелер көтөрүлгөндүгүн  Жогорку соттун жетекчиси баса белгиледи.


Сот реформасы үч  багытта  жүргүзүлүп жаткандыгын:


жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу,


-кадрдык  мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу,


-материалдык-техникалык камсыздоо боюнча кенен токтолду.


Төрайым,  бир канча кодекстер   күчүнө кирип,  судьяларды тандоо жаңы  тартип боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын   баса белгиледи.


Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү боюнча  иштер жүрүп, өлкөбүз  боюнча бардык  сот залдарында  аудио жана видео жазуулар,  видео протоколдор  орнотулууда.  Мындан тышкары  соттордун  эсептик- статистикалык  карталарын өркүндөтүү боюнча  жумушчу топ  түзүлгөндүгү да айтылды.


Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Райондор аралык соттор  административдик  гана иштерди карап,  ал эми  экономикалык иштер  райондук сотторго берилет. Мамлекеттик органдардын   иш мүмкүнчүлүгүн баалоодогу талашкандардын  саны төмөндөгөн тенденциясы бар экендиги көңүлдү жылытат.


Иштерди кароо саны  боюнча жогорку  жүк көтөргөн Чүй облусунун жана Бишкек менен Ош шаарларынын соттору экендиги аныкталган.


Себастьян Помпе батыш өлкөлөрүндө  судьялардын жүктөмүнө жараша  соттордун бюджети карала турган тажрыйба жөнүндө айтып берди.


Каралган сот иштеринин статистикасына ылайык,   арыздардын 80% соттор тарабынан  канааттандырылып,  кайрылып жаткан жарандар менен  юридикалык тараптардын  саны  дагы жогору. Демек, бул негиздүү доо  арыздар берилип жаткандыгын ырастай тургандыгы факт.


Эл аралык валюта фондусунун өкүлүнүн пикири боюнча,  сотторго жарандар укугун коргоо боюнча  кайрылып жаткандардын   саны жогорулап жаткандыгы,  соттор тарабынан  мамлекеттик  кызмат көрсөтүү  канааттандырылып жаткандыгын көрсөтүп турат.


Белгилей  кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Төрайымынын   Эл аралык валюта фондусунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу  биринчи жолу  өткөрүлүп,   анын жыйынтыгында  тараптар  өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу ниеттерин  бекемдешти.