Урматтуу мекендештер!
Ар бириңиздерди бүгүнкү ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Жараткан Кыргызстан элине тынчтык жана ынтымак берсин.
Ар бир үйгө кут, береке, ырыскы толсун.
Ушул улуу күнү журтубуз коронавирус илдетинен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүгүп, мамлекетибиз күчтүү болсун!
Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.
Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык болсун!
Айтыңыздар маарек болсун!