KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева ЕККУнун жана КМШнын өкүлдөрү менен жолугушту

25 сентября 2020

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш Токбаева  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросунун Кыргызстанда өтө турган шайлоолорго  байкоо жүргүзүү боюнча чектелген  миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды.


Жолугушууга Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов, Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросунун  (ДИАУБ) парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн  чектелген миссиясынын башчысы Томас Бозеруп, миссия башчысынын орун басары Мерс Кастельс  Висенте, юридикалык аналитик Армен Мазманян катышышты.


Сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө шайлоо мыйзамдары, административдик талаш-тартыштарды кароо, шайлоолорду өткөрүүдө сот системасынын ролу туурасында талкуу жүргүзүштү.


Өз кезегинде  А. Токбаева шайлоого байланышкан даттануулар Административдик сотто каралып, андан соң  Жогорку сотко кассациялык тартипте караларын айтты.  Жогорку сотто шайлоого байланышкан беш  иш каралган.


Аталган миссиянын  12 эксперти  жана  узак мөөнөттүү 18 байкоочудан турган топ өлкөнүн аймактарында шайлоого байкоо жүргүзүшөт.


Андан соң  төрайымдын орун басары, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин  байкоо жүргүзүү Миссиясынын штабынын  жетекчиси  Олег  Кулеба менен дагы жолукту.


Анда  сот инстанцияларына   шайлоо процесстери боюнча түшүп жаткан даттанууларды талкуулашты.