KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз сотуна 95 жыл “Эл судьяны көргөнү келгенде...”

06 декабря 2019

Кыргыз сотуна 95 жыл


Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Быйыл Кыргыз сотуна 95 жыл толуп, бул салтанаттуу мааракени 2019-жылдын 9-декабрында белгилегени турат. Ага утурлай Баткен облустук сотунун судьясы Сайдибаказ Мусаев кесибине байланыштуу бир окуяны айтып берди.


2003-жылы Лейлек райондук сотунун төрагасы болуп иштеп жүргөндө район борборунан 110 километр алыста жайгашкан айылда чоӊ соттук көчмө отурум болгон. Иш боюнча күбөлөр көп болгондугуна байланыштуу.


Айылда көптөн бери иштебей калган клубду айылда жашаган эл менен тазалап,  ишти карай баштадым. Соттук отурум бүтпөй калып, сот кызматкерлери менен кошуна айылда жашаган досумдун үйүнө түнөп калууга туура келди. Биз баргычакты аяш апа биздин үйгө сот келет деп коңшу-колоңдоруна айткан экен, досумдун үйүнүн алдында эл чогулуп калыптыр. Чогулган элди көрүп отурумда түшүнбөстүк болдубу, же күбөлөрдүн көңүлүн ооруттумбу деп ойлоно баштадым. Сот отурумуна катышкан кызматкерлерге эч кимге сүйлөбөгүлө, көзүнө карабагыла, унчукпай кирип кеткиле деп коопсуздук чараларын түшүндүрүп баштадым.


Көрсө, досумдун үйүнүн алдында эл чыныгы сотту өз көзүбүз менен көрөбүз деп топтолушуп турган экен. А мен болсо жумуштан соӊ спорт кийимчен элем. Дасторкондо отурганда досумдун үйүнө сотту көрөбүз деп келишкен эл досума карап “биз күткөн сот келдиби, келсе канакей” деп сурап калышты, досум жылмаюу менен “менин каршымда отурган инсан Мусаев Сайдибаказ Темирович, Лейлек райондук сотунун төрагасы” деп тааныштырды.


Таӊ калган эл биз сотту бою узун, каш кабагы салынган, курсагы чыккан деп ойлодук эле, көрсө биздей эле жөнөкөй инсан экен деп шыбыраша кетишти. Мен дагы алардын сөзүн жылмаюу менен кабыл алдым.