KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүү темасына арналган кезектеги ExpertCafe уюштурулду

07 марта 2019

2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мекемесинде,  Кыргыз Республикасында медиациянын өнүгүшү темасына арналган кезектеги ExpertCafe болуп  өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш Токбаева, Кыргызстандагы IDLO уюмунун  сот реформасы боюнча кеңешчиси   Дильбара Максимбекова, “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын төрайымы  Гулсина Кожоярова, “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин  төрайымы  Чинара Курбанова,  “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин медиатору   Алмаз Акматалиевдер катышышты.


Иш чаранын жүрүшүндө журналисттерге медиация туурасында кеңири маалыматтар берилди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш  Токбаева “Медиация жөнүндө” КР  Мыйзамы 2018-жылдын 11-февралында күчүнө кирип,  бир жыл ичинде  медиаторлордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилип жаткандыгын билдирди.


Өз кезегинде “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын төрайымы  Гулсина Кожоярова  медиация  институтун   тез арада  кеңири өнүктүрүү үчүн 3 фактор  болушу керек, бул мыйзамдык база, соттор менен тыгыз байланышта иштөө жана медиаторлорду коомдо  күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.  Анын айтымында, учурда  калктын 80 % медиатор ким экендигин жакшы билишпейт.  Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун колдоосу менен бир катар иш чаралар өткөрүлүп, соттордо медиаторлорго шарттар түзүлүп, аларды окутуу жагы колго алынгандыгын кошумчалады.


Кыргызстандагы IDLO уюмунун  сот реформасы боюнча кеңешчиси   Дильбара Максимбекова Өнүгүү укугу боюнча эл аралык IDLO уюмунун колдоосу менен, республикадагы 85 медиатор акысыз окутулгандыгын маалымдады. Учурда коммерциялык медиация боюнча пилоттук долбоордун алкагында  бизнес коомчулугуна акысыз кызматтарды көрсөтүү колго алынгандыгын билдирди.


Ал эми “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин медиатору   Алмаз Акматалиев 2018-жылдын жыйынтыгы менен  медиация  боюнча 2000ден ашык маалыматтык жолугушуулар болуп, анын  ичинен 250дөн ашык медиация процедуралары өткөрүлүп, жыйынтыгында 70тен ашык медиативдик макулдашууга жетишилген. Кайрылгандардын  57% үй-бүлөлүк чыр, 20% жер маселесине байланышса, жарандык талаш-тартыштар 14%, ал эми коммерциялык талаштар 9 % түзгөн.


Медиация — бул ар түрдүү (үй-бүлөлүк, коммерциялык) чыр-чатактарды жөнгө салуунун формасы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү.


Айта кетүүчү жагдай, ExpertCafe  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) колдоосу менен уюштурулуп, жолугушууга  15 ге жакын     жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып,   кызыктырган  суроолоруна  жооп  ала алышты.