KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык сотунда мугалимдер менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү

29 июня 2020

2020-жылдын 25-июнунда Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьялары 2020-жылга карата бекитилген иш пландын алкагында,  Кызыл-Кыя шаарынын орто, атайын орто мектептеринде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында шаардык соттун судьялары Н.Т. Аматов жана Н.П. Дыйканов Кызыл-Кыя шаарынын орто мектептеринин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу лекцияларды окуп жана түшүндүрмө иштерин жүргүзүштү.


Судья Н.Т. Аматов тема боюнча баяндама жасап, мугалимдер тарабынан кызуу талкууга алынып, жаңы кабыл алынган кодекстер жана Кыргызстандын сот системасы жөнүндө, жазык жана жарандык сот процесстери тууралуу, үй-бүлөнүн жана балдардын укуктары жөнүндө суроолор берилди.


Жаңы 2020-2021-окуу жылында мектеп жетекчилиги, эмгек жамааты  ар бир окуучуга, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектиги айтылды.