KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медиация институту кандай иш алып барат?  

15 апреля 2019

Соттук реформа


 Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Эзелтеден ар кандай талаш маселе жаралганда аксакалдар, бийлер, казылар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасына таянып, конфликтик кырдаалдарды чечүүгң жардам берип келишкен.


Учурда Кыргызстанда талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чече турган өзүнчө кызмат пайда болду. Ал – медиация. Анын артыкчылыгы жарандык иштерди ыктыярдуу, купуялык негизде эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечип берүүгө көмөктөшөт. Тагыраак айтканда, медиация — бул ар түрдүү (үй-бүлөлүк, коммерциялык) чыр-чатактарды жөнгө салуунун формасы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлңшүүгө шарт түзүп берүү.


Медиаторлорго кайрылуу же кайрылбай коюу ар бир жарандын өзүнүн иши. Бирок, үй-бүлөлүк же коммерциялык майда-чүйдө маселени медиация аркылуу чечүү жеңилирээк. Мисалы, сотко кайрылыш үчүн көптөгөн документ талап кылынса, медиаторлорго паспорт менен эле келүүгө болот. Мындан сырткары, «Медиация боюнча» мыйзам күчүнө киргендиктен учурда айрым соттор бул мыйзамды колдонууда. Эгер ал ишти медиациянын жардамы менен чечүү керек деп эсептесе, сот кайрылган адамдарды медиаторлорго жөнөтөт.


Бүгүнкү күндө медиаторлор үчүн  мүмкүнчүлүгү  бар айрым соттордо өзүнчө бөлмєңө  ачылып берилүүдө. Сотко арызданып келген ар бир жаранга судья медиатор менен маалыматтык жолугушууга барып келүүгө кеңеш берет. Медиаторлор сотторго атаандаш эмес, тескерисинче өнөктөш десек болот. Анткени, медиаторлордун жардамы менен талаш жараткан маселелердин эрте чечилишине мүмкүндүк түзүлөт. Медиациялык келишим — бул юридикалык документ. Анын негизинде тараптар өздөрүнүн мойнуна алган милдеттерин аткарышы талапка ылайык.


«Медиация жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киргенине бир жылдан ашып калды.  Медиациянын өзүнүн эрежелери мыйзамда жазылган. Ошол эле мыйзамда анын негизги принциптери да көрсөтүлгөн. Мисалы, ыктыярдуулук, медиация тараптарынын кызматташтыгы жана тең укуктуулугу, медиатордун бейтараптыгы, купуялуулук. Талашты медиация аркылуу жөнгө салууда тараптарды эч ким мажбурлабашы керек. Баары өздөрүнүн ыктыяры менен жасалат. Келишимдерди түзүү жана аткаруу дагы ыктыярдуу ишке ашууга тийиш.


Өлкөдө Медиация институтунун киргизилиши менен соттон тышкары  тараптардын талашын чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот.      “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча,  2018-жылдын жыйынтыгы менен  медиация  боюнча 2000ден ашык маалыматтык жолугушуулар болуп, анын  ичинен 250дөн ашык медиация процедуралары өткөрүлүп, жыйынтыгында 70тен ашык медиативдик макулдашууга жетишилген. Кайрылгандардын  57% үй-бүлөлүк чыр, 20% жер маселесине байланышса, жарандык талаш-тартыштар 14%, ал эми коммерциялык талаштар 9 % түзгөн.


Бирок, бүгүнкү күндө аталган коомдук бирикменин билдирүүсүнө караганда,  медиаторлордун кызматын  колдонгондор аз болууда. Анткени, медиаторлор туурасында калк арасында маалыматтар аз болуп жатат.


Медиация тараптарынын кызматташтыгы жана тең укуктуулугу принцибин алсак, медиация талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу максатында конструктивдүү кызматташтыктын негизинде жүргүзүлөт. Медиатордун бейтараптыгы принцибин алсак, анда медиатор медиацияны жүргүзүүдө көз каранды эмес жана калыс болууга милдеттүү.Дагы бир маанилүү принцип, медиацияга тиешеси бар бардык маалымат купуя сакталышы керек. Эч бир тарап аны макулдашпай туруп, сыртка чыгара албайт.


Мыйзам боюнча медиатор болгонго көп эле адамдардын мүмкүнчүлүгү бар, бирок алар өзүнчө бир талаптарга жооп бериши керек. Эң оболу ал соттолбогон адам болууга тийиш, акыл-эси жайында болушу керек. Албетте, жогорку билим сөзсүз керек. Ошондой эле жаш курагы 25 жаштан жогору болушу шарт.


Мындан тышкары, жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиацияга токтолсок, ал  Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен жөнгө салынат.


Жабырлануучу жана жорукту же кылмышты жасоого шектелген адам жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация тараптары болуп саналат. Медиацияга катышуу үчүн тараптар иштин жагдайларына макул болууга тийиш.  Талаш боюнча макулдашууга жетише албаган учурда, медиацияга катышуу фактысы айыптоодон баш тартуу же күнөөнү моюнга алуу катары каралбайт.  Жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, тараптардын биринин адвокаты медиатор катары чыга албайт.


Ушуну менен бирге эле калыбына келтирүү медиациясы бар.   Калыбына келтирүү медиациясы – бул процесстин жүрүшүндө медиатор жарандардын ортосунда криминалдык же жаңжал абалдын негизинде жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө жарандардын өздөрүнө ыңгайлуу чечүү жолдору менен өз ара жарашууга, бири-бирин түшүнүү жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө шарттарды түзүп берет.


Чыр-чатактын, кылмыштын кесепеттерин жоюуга багытталган жана жардам берген аракеттер калыбына келтирүү медиациянын эң маанилүү жыйынтыгы десек болот. Демек, аталган медиация чатакташкан тараптардын ортосунда коммуникацияны түзүүгө, өз ара түшүнүшүүгө, диалог жүргүзүүгө жана талаш-тартыш маселелерди  чечүүгө багытталган.