KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мектеп окуучулары сот тутуму туурасында маалымат алышты

17 марта 2020

2020-жылдын 12-март күнү Ош областынын төрагасынын орун басары Элнара Мадмарова жана Ноокат райондук сотунун судьясы Абдимавлян Бодоев Ноокат районунун Н.Крупская жана К.Каримов орто мектептеринин окуучулары менен  жолугушуу өткөрүштү.


Иш чаранын жүрүшүндө судьялар  Ноокат районунун мектептеринин окуучулары менен “Мен сот тутуму жөнүндө билем” деген аталыштагы темада жолугушуу өткөрүшүп,  анда Кыргыз Республикасынын сот бийлиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун түзүлүшү, судья деген ким жана кантип судьялык кызматка дайындалуусу, анын сот отурумундагы ролу жана судьянын Абийир кодексинин кээ бир орчундуу жерлерине  айтып беришти.


Ошондой эле сот бийлигинин керектигинин себептерин, сот отурумдарынын катышуучулары, алардын орду, сот иштеринин өндүрүштөрү боюнча айырмачылыктарын айтып, жарандардын укуктары бузулганда кайсы органдарга кайрылышы керек экендиги жөнүндө маалымат беришти.


Жолугушуунун соңунда судьялар балдардын укугун коргогон ченемдик-укуктук негиздер жөнүндө айрым маселелер боюнча, балдарга болгон ата-энелердин милдеттери туурасында токтолушуп, өздөрүнүн бул  багыттагы иштер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


 


 


Ош областтык сотунун басма сөз катчысы Б.Осмонкулов