KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Мен эмнеге судья болгум келет?” деген темадагы сынак жыйынтыкталды

29 июня 2020

Сот тутумунун ачыктыгын камсыз кылуу жана өлкөбүздүн сот тутуму жөнүндө калктын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында 2020-жылдын 25-июнь күнү Жалал-Абад областтык сотунда Юристтердин кесиптик күнүнө карата “Мен эмнеге судья болгум келет” деген темада жазылган эссеге юридикалык окуу жайлары арасында сынакта байгелүү орундарды ээлеген студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.


Жалал-Абад областтык сотунун уюштуруусу менен өткөрүлгөн сынакка Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин, К.Шарипов атындагы Эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери катышышкан.


Жыйынтыгында мыкты деп табылган 4 студентке диплом жана кодекстер тапшырылды.


Биринчи орунду Ш.К.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин юридикалык кафедрасынын студенти Муслима Сайпидинова ээлесе, экинчи орунду Ш.К.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин юридикалык кафедрасынын студенти Тимурбек Абдурашитов алды. Үчүнчү орунга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин студенти Бексултан Курбанов татыктуу болду. Ал эми кызыктыруучу орунга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин студенти Баель Айдаров татыктуу болду


Жалал-Абад областтык сотунун төраганын орун басарлары Бактыбек Султанканов жана Токтосун уулу Каныбек сынакка катышышкан студенттерге окууларына ийгилик каалашып, мындан ары да ушундай сынактар уюштурулуп тураарын билдиришти.


 


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы