KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Райондук сот тарабынан демилгеленген иш чара жарандардын укуктук билимдерин жакшыртууга арналды

20 августа 2019

Үстүбүздөгү жылдын 16-август күнү Ак-Талаа райондук соту тарабынан демилгеленген “Медиация- укуктук талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу формасы” жана “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин мамлекеттик алымды төлөө шарттарын түшүндүрүү боюнча семинар Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү.


Семинардын максаты сот системасын өркүндөтүү жана элдин ишенимин арттыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен айыл тургундары сотко кайрылууда жеңилдиктерди түзүп берүү, мамлекеттик алымды төлөөнүн шарттарын айыл өкмөттөн эле маалымат алуусуна шарт түзүү, медиация аркылуу талаш-тартыш маселелерин өз алдынча чечип алуусу менен ашыкча чыгымдарды коротуу, убаракерчилик тартуу сыяктуу терс жагдайлардан алдын алуу максатында өткөрүлдү.


Семинарга Ак-Талаа районунун айыл аймагынын айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, айылдын аксакалдар сотунун төрагалары, прокуратура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгын өкүлдөрү жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышты.


Семинарда Медиация улуттук борборунун медиатору Ташмамбетов Турат Торуевич Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” мыйзамынын шарттарын, мыйзам 2018-жылдын июль айынан баштап иштеп жаткандыгын, медиациянын ролун, тараптар талаш-тартыш маселесин өз алдынча медиациялык макулдашуу түзүү менен чечип алуусуна шарт түзүлөрүн, жоруктар боюнча иштерде тараптар элдешсе иш кыскартыларын, жарандык жана жорук жоопкерчилигинен бошотулары тууралуу кенири маалымат берди.


Семинарда Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Ж.Т.Жумаков Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин жана “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык жарандар сотко кайрылууда доо арыздан мамлекеттик алым милдеттүү түрдө алынарын, мамлекеттик алым төлөнбөсө доо өндүрүшкө кабыл алынбастыгын,  медиация аркылуу макулдашууга жеткенде төлөнгөн мамлекеттик алым кайра кайтарылып берилерин,  сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын ставкалардын көлөмүн,  мамлекеттик алымды төлөөдө кимдерге жеңилдик берилгендигин, медиация аркылуу  тараптар өз көйгөйүн чечип алуусу менен мамлекеттик алымды төлөө, жорук жана анча оор эмес кылмыштар боюнча жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн экендигин семинардын катышуучуларына кенен түшүндүрүп берди.


Иш чаранын  катышуучулары бул күнү өздөрун кызыктырган   суроолордун дээрлик баарысына  жооп алышты.


Семинардын жыйынтыгы менен мамлекеттик алымдын ставкалары, медиаторлордун даректери, уюлдук телефону, аты, жөнү айыл өкмөттүн маалымат стендине илинүүсү жана айыл өкмөттөрдүн катчылары Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” мыйзамынын талаптарын, мамлекеттик алымдын көлөмүн айыл тургундарына такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары  да  макулдашылды.


              Б.Белеков.


Нарын облустук сотунун басма- сөз катчысы.