KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мира Шамбетова студенттерге мурас укугу жөнүндө онлайн лекция окуду

10 мая 2021

Жаштардын сабаттуулугун жана укуктук билимин өркүндөтүү максатында   Ысык-Көл областтык  сотунун судьясы Шамбетова Мира Узбековна Мамлекеттик юридикалык университетинин Ысык-Көл юридикалык институтунун 3-курсунун студенттерине “Мурас  укугу” аттуу темада онлайн лекция окуду.


Лекциянын жүрүшүндө Мира Шамбетова катышуучуларга мурас боюнча, анын ачылыш убактысы жана орду жөнүндө жалпы түшүнүк берди. Мурасты кабыл алуу керээз жана мыйзам боюнча жүргүзүлөрүн түшүндүрдү. Мурас калтыруучунун өздүгү менен ажырагыс байланышкан белгилүү бир укуктары жана милдеттери мураска кирберин белгиледи. Судья мурастын керээз боюнча калтырылышына, анын түрлөрүнө, керээзди өзгөртүү жана жокко чыгаруу негиздерине кеңири токтолду.


Ошондой эле, мыйзам боюнча мураска байланышкан маселелер, мыйзам боюнча мураскорлордун кезеги, мураста милдеттүү үлүшкө ээ болуу укугу, мураскордун карызын кредиторлор тарабынан өндүрүп алуу, мүлктөн кутулуу тууралуу жана башка маанилүү маселелер козголду. Балдар лекцияны чоң кызыгуу менен угуп, бардык суроолорго маңыздуу жоопторду алышты.


Иш чаранын соңунда судья сабакка жигердүү катышкандыгы үчүн студенттерге ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде, мугалим менен студенттер  судьяга  кызыктуу жана мазмундуу лекциясы үчүн алкыш айтышты.


 


                                                                                                                                    Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                                                                                               Гульзада Аширбаева