KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Биринчи жолу дайындалган судьяларды модулдук тестирлөө

18 октября 2019

Бүгүн, 18-октябрда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында  2019-жылдын 9-сентябрынан 18-октябрына чейин  Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциянын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьяларды комплекстүү окутуу программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүшкөн 13 угуучу үчүн  модулдук тестирлөө өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын  судьяларынын жана сот тутумундагы кызматкерлердин  квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Жобого ылайык,  квалификациясын жогорулатуу окуу программасы боюнча окутуунун жыйынтыгынын негизинде тестирлөө жүргүзүлөт.


Баса белгилей кетчү нерсе, тестирлөө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин туруктуу өнөктөшү – Европа биримдигинин  “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү – 2-фаза”  Долбоору ушул жылдын 1-октябрында  берген жаңы ноутбуктарын  колдонуу менен жаңы окуу залында  өткөрүлдү.


Белгилүү болгондой, угуучуларды окутуу программасы 6 жуманы түздү, анын ичинен  5 жума теоретикалык  окутуу бөлүгүн камтып, 1 жума Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда стажировкадан өтүштү.


“Кыргыз Республикасынын  судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына ылайык,  судья квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.  Судьялардын квалификациясын жогорулатуу үч жылда бир жолудан кем эмес,  ошол мезгилге эмгек акысын сактоо менен окуу программаларга ылайык жүзөгө ашырылат.


Судьялардын квалификациясын жогорулатуунун  негизги максаты —  кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу,  эл аралык жана улуттук укукта,  сот практикасында  актуалдуу өзгөрүүлөрдү өздөштүрүү, судьялардын квалификациясына карата коюлган  жогорку талаптарга жана кесиптик тапшырмаларды  чечүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүү зарылдыгына байланыштуу  теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн жаңыртуу.


Окуудан өткөн жана модулдук тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырган угуучуларга  сертификаттар тапшырылат.