KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мыйзам актыларына түшүндүрмө берилди

27 мая 2020

Белгилүү болгондой  май айынын  башында  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөр кирип, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Элдик Апрель  революциясынын 10 жылдыгына  байланыштуу Мунапыс мыйзамы кабыл алынган. Мындан сырткары жергиликтүү соттордун түзүмү жана штаттык санын бекитүү тууралуу мыйзамга   дагы өзгөртүүлөр киргизилген.


Андыктан мыйзам актыларына кирип жаткан өзгөртүүлөрдүн  натыйжалары  тууралуу     Нарын облустук медиа борборунун  “Актуалдуу маек” рубрикасынын түз эфиринен   Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары  Азамат   Койлонбаев менен Нарын облусунун административдик сотунун төрайымы Махабат Чагалдакова маалымат беришип, көрөрмандардын айрым суроолоруна  жооп беришти.


Нарын облустук сотунун


                  басма сөз катчысы Б. Белеков