KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мыйзам бузган судьялар жазаланат

06 февраля 2019

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”




2019-жылдын 31-январында КР Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.


Жыйынга Жогорку соттун төрайымынын орун ба-сары Айнаш Токбаева, КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова, анын орун басары Чынара  Мусабекова,  комиссиянын  мүчөсү  Канат  Турганбеков, ошондой эле Өнүгүү укугу боюн-ча эл аралык уюмунун (IDLO) ди-ректорунун сот реформасы боюн-ча кеңешчиси Карыбек Дүйшеев катышты.


Жыйында 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын  октя-брына чейин Тартип комиссиясына судьялардын үстүнөн 1700гө жакын арыз, даттануулар келип түшкөндүгү маалымдалды. Алардын ичинен 400гө жакын кайрылуулар  бүгүнкү  күндө  каралууда. 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү  жүргүзүлүп,  анын жыйынтыгында 74 судьяга карата  тартип  жазасы  колдонулган. Алардын  ичинен  44  алдын-ала эскертүү, 17 эскертүү, 8 сөгүш, 5 мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан  бошотуу  каралган.  Ал эми 172 арыз боюнча судьялар-га  карата  чара  көрүүдөн  баш тартылган.


Мындан сырткары судьяларды кылмыш  жоопкерчилигине  тартуу боюнча 5 сунуш келтирилип, анын төртөөнө макулдук берилип, бирөөнө баш тартылган жана тартип чаралары колдонулгандыгын алып салуу боюнча судьялардан 15 арыз келип түшкөн, алардын 14нө макулдук берилген, бирөөнө баш тартылган.


Тартип комиссиясы 9 мүчөдөн турат жана Президент, Жогорку Кеңеш жана КР Судьялар кеңеши тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Тартип комиссиясынын курамына Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары,  Жогорку  Кеңештин депутаттары, прокурорлор, укук коргоо  органдарынын  кызматкерлери,  адвокаттар,  Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү кире албайт.


Белгилей  кетсек,  Тартип  комиссиясы  КР  Конституциясына  ылайык  түзүлгөн  көз  карандысыз  коллегиялуу  орган  болуп саналат.