KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“XXI кылымдын сот тутуму менин көз карашымда” аттуу темада эссенин жеңүүчүлөрү сыйланышты

03 декабря 2019

2019-жылдын 2-декабрында Чүй облусунун райондор аралык сотунда Кыргыз сот тутумунун 95 жылдык мааракесине арналган “XXI кылымдын сот тутуму менин көз карашымда” аттуу темада эссе жазуу боюнча Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Сот жана прокуратура институтунун студенттеринин арасында конкурс болуп өттү. Конкурска бардыгы болуп 18 студент катышып, калыстардын тандоосу менен алардын ичинен мыктылар аныкталды: Оморбеков Алибек Уланович, 3-курстун студенти – 1-орун; Тынаева Айзада, 3-курстун студенти – 2-орун; Доолотбеков Илимбек 2-курстун студенти – 3-орун.


Жеңүүчүлөргө салтанаттуу маанайда белектер ыйгарылды: “Раритет” магазиндеринен  китеп алуу үчүн сертификаттар 5000 сомго (1-орун), 3000 сомго (2-орун) жана 1000 сомго (3-орун). Төрага жана судья Кыргыз сот тутумунун калыптануу тарыхына кыскача токтолушуп, жеңүүчүлөрдү куттуктап, окууларына жана келечектеги кесиптик иштерине ийгиликтерди каалашты.


Жеңүүчүлөрдүн эсселери соттун стенддине илинди.