3-декабрь майыптардын эл аралык күнүндө Нарын облустук сотунун аппарат кызматкерлери Нарын шаарынын тургуну 3-топтогу майып Бердибек Осмоналиевге акчалай жардам көрсөтүштү.
Бердибек Осмоналиев жалгыз өзү оорукчан кызын багып келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ал Нарын облустук сотуна ыраазычылыгын билдирди.
Нарын облустук сотунун аппарат кызматкерлери өткөн жылдан бери социалдык колдоого муктаж жарандарга акчалай жардам берүүнү колго алышкан. Эми мындай кайрымдуулук жардамдарды кызматкерлер ай сайын көрсөтүп турууну пландаштырышууда.
Кошумчалай кетсек, Нарын шаары боюнча 3100 мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар.
Б.Белеков
Нарын облустук сотунун
басма сөз катчысы