KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын областтык соту алты айдын жыйынтыгын чыгарды

18 сентября 2020

Нарын облусундагы  жергиликтүү соттордун    2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн  иштеринин   жыйынтыгына арналган кеңешме   Нарын облустук сотунда  өткөрүлдү.


Кеңешменин ишине  облустук  соттун судьялары, шаардык   жана  райондук   соттордун  төрагалары жана судьялары  чакырылган.


Кеңешмени Нарын облустук  сотунун төрайымы      Майрагүл Дуйшенбекова  ачып,  күн тартибиндеги карала  турган маселелерди белгиледи.


 Алгач  сот департаментинин Нарын облустук  башкармалыгынын башчысы А. Чакиевдин   аталган департамент тарабынан  жарым жыл ичинде  аткарган иштери  жана алдыдагы иштер тууралуу  маалыматы  угулду. Ошону менен катар эле ал  материалдык –техникалык жактан камсыздоо  боюнча    келип чыккан айрым суроолорго да жооп берди.


 Мындан соң  жыйындын өзөгү болгон  жарым жыл ичиндеги аткарылган иштерге сары эсеп салынды.


Нарын облустук сотунун кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары А.Койлонбаевдин,  Нарын облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Г.Арзыкулованын баяндамалары угулуп,   айрым кемчиликтер  боюнча   жүргүзүлгөн анализдер да ортого салынды.


Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жазык иштерин кароодо даттанылган жана  кийинки инстанцияда өзгөртүлгөн иштердин саны өскөн. Ал эми жарандык жана  экономикалык иштерди кароодо иштин сапаты өткөн  жылга салыштырмалуу кыйла жогорулаган.


 Тоолуу аймактагы жергиликтүү соттордо  жарым жыл ичинде каралган     административдик жана экономикалык иштердин жыйынтыгына облустук соттун жетекчиси  өзү кеңири токтолуп, кемчиликтерди  четтетүүнүн,  иштин сапатын жакшыртуунун милдеттерин белгиледи.


Жарым жыл аралыгындагы  аткарылган иштерди талкуулоонун   жүрүшүндө, иштин сапатын мындан дагы жакшыртуу  боюнча  да сунуш-пикирлер ортого салынды. Кодекстерге кирип жаткан  өзгөртүүлөрдө   мыйзам чегинде   чечим чыгаруудагы тажырыйбаларды  бөлүшүүнүн конкреттүү сунуштары макулдашылды.


Кеңешменин соңунда  облустук соттун    төрайымы   М.Дуйшенбекова     күн тартибинде турган өзөктүү маселелер менен бирге эле, медиаторлор менен карым- катнашта иш алып барууну,   документацияларды тактоо, соттук актылардын стилистикасына  көңүл бурууну  жана сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда  мыйзамдардын  талаптарын сактоону эскертип, кечиктирилгис  иштерди  аткаруу  багытында  бир катар тапшырмаларды   койду.



                      Б.Белеков


                 Нарын облустук сотунун


                  басма сөз кызматы