Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Бүгүн, 2018-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Иш чарага Жогорку соттун төрайымы жана судьялар катышышты.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жарлыктарга Кыргыз Республикасынын Президенти 2018-жылдын 30-ноябрында кол койгон.
Буга ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Казыгулова Мээрим Эсенкановна, Ысык-Көл облустук сотуна Борончиева Жаңыл Кубанычбековна.
Ал эми Бишкек шаардык сотуна Карабеков Алмаз Маматбекович, Рыбалкина Антонина Дмитриевна, Сабитова Жамиля Сабитовна жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.