KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун айрым соттору ишембилик өткөрүштү

10 мая 2021

Жалпы сот тутумунда жарыяланган жазгы ишембилик өткөрүү боюнча иш чаранын алкагында 2021-жылдын 7,8,9-май күндөрү Баткен областтык сотунун, Баткен областынын Административдик сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен областтык  башкармалыгынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.


Ишембиликтин жүрүшүндө областтык соттун эшиктери, короосун курчаган дубалдар, тосмолор, жарыктандыруучу фонарлар жана сот имаратынын фундаменттери сырдалды.


Короого жаш көчөттөрдү жана гүлдөрдү отургузушуп, тротуарлардын четтери, дубалдар жана бак-дарактар акталды.


Имараттын экинчи кабатына көтөрүлүүчү тепкичтерине плиткалар төшөлдү.


Ал эми Сот департаментинин Баткен областтык  башкармалыгы тарабынан короодогу отургучтарга жана кээ бир кабинеттерде ондоо, түзөтүү иштери жүргүзүлдү.


Башкармалыктын алдына гүлдөр отургузулуп, ирригациялык тармак жакшыртылды.


Ошондой эле, Баткен областынын Административдик сотунун кызматкерлери тарабынан  соттун короосун курчаган дубалдар сырдалып, имаратынын аймагы таштандылардан тазаланып, тегерегине гүлдөр отургузулуп, бак- дарактар акталды.


Баткен облусунун басма сөз катчысы Замирбек  Ормонов