Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 5-февралындагы ПЖ № 22 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 5-февралындагы ПЖ № 23 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:
- Ош облустук сотуна: Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович;
- Өзгөн райондук сотуна: Жоробаева Гульнархан Чырмашовна;
- Ош шаардык сотуна: Абдыразаков Нурлан Тажибаевич;
Бишкек шаары:
- Свердлов райондук сотуна: Чикеева Жамиля Марсбековна;
Жалал-Абад облусу:
- Аксы райондук сотуна: Жантороева Элнура Мурадиловна;
- Сузак райондук сотуна: Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич;
Чүй облусу:
- Аламүдүн райондук сотуна: Мусаева Айке Рахманбердиевна;
Ысык-Көл облусу:
- Ак-Суу райондук сотуна: Мамыров Эльдарбек Джекшебаевич;
- Каракол шаардык сотуна: Акыев Каныбек Арзыбекович;
Талас облусу:
- Бакай-Ата райондук сотуна: Эгембердиева Ойниса Муратхановна;
- Манас райондук сотуна: Тилемишов Азамат Жайчыбекович;
- Талас шаардык сотуна: Султанов Эсенбек Ахматкулович;
- Талас райондук сотуна: Акылбеков Тариэл Назирдинович.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга, мыйзамды так сактоого жана акыйкаттык издеп келген жарандарга сый мамиледе болууга чакырды.