KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотунун жаңыдан шайланган судьясы Молдакунов Айбек Карыбекович парламентте ант берди

19 марта 2020

Жогорку Кеӊеште талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунушталган Молдакунов Айбек Карыбекович депутаттардын басымдуу добушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланып, парламентте ант берди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Жогорку соттун судьялыгына талапкердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, ал бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алганын, ошондон улам мамлекет башчысы ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.


Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Жогорку соттун жаңы шайланган судьясын эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал Айбек Модакуновду кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн таза, калыс, жигердүү кызмат өтөөгө чакырды.