KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Аламүдүн райондук сотунун жамааты менен жолугушту

21 июня 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Аламүдүн райондук сотунун имаратын карап чыкты.


Аталган райондун төрагасы Кылыч Байсов сот залдарындагы аудио жана видео жазуулар, автоматташтырылган маалымат  тутуму  жана ишти автоматтык бөлүштүрүү системасын көргөздү.


Жогорку соттун төрайымы соттордун ишин жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып, судьялардын жардамчыларын кайра  кайтаруу боюнча маселе оң жагынан  чечилип жаткандыгын кошумчалады.


Төрайым сот  системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди.


«Сот  тутумунда билимдүү, таза жана калыс адамдар иштеши керек. Сот реформасынын жүрүшүндө айрым мыйзамдарды өзгөртүү менен бирге кадрлардын дагы жогорку даярдыкта болушуна көңүл бурабыз. Бүгүнкү аппарат кызматкерлери эртеңки судьялар. Андыктан, сот тутумунда иштеген бардык кызматкерлердин коом ичиндеги аброю жогору болушу керек. Мен сиздерден мамлекеттик кызматкердин этикасын бийик сактоону суранам«,- деп айтты Нургуль Бакирова.


Бүгүнкү күндө аталган Аламүдүн райондук сотунда 16 судья, 52 аппарат кызматкери жана эки сот отурум залы бар.