Бүгүн, 2021-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын Чүй облусуна болгон иш сапары башталды.
Иш сапардын алкагында төрайым Кемин райондук сотунда болду.
Нургуль Бакирова Кемин райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Төрайым жергиликтүү соттордун иш-шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери менен таанышты. Райондук соттогу жыйында Нургуль Бакирова сот тутумунда иштеген кызматкерлердин билим деңгээли, маданияты, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.
Жолугушууда сот реформасы, сот тутумунда иштеген кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, кадр маселеси, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды.
«Эл сиздерден калыс жана адилет чечимдерди күтөт. Таза жана мыйзам чегинде гана иштешиңиздер керек. Андан тышкары кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүшү керек«, — деди төрайым.
Төрайым өзгөчө аталган соттун санариптештирүү иштерине кызыкты. Сот залдарындагы аудио жана видео системаларынын иштешин текшерип чыкты.
Ошондой эле соттун иш бөлмөлөрүн, архив, сот отурумдар залдарын кыдырды.
Жогорку соттун төрайымы аталган соттун аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле сот аткаруучулар жана сот приставдарынын суроолоруна жооп берди.