KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты

26 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында  Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова катышты.


Төрайым өз сөзүндө шайлоо өткөрүү тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттаныла тургандыгын билдирди.


Башкача айтканда сот, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине жана аракеттерине карата түшкөн даттанууларды карайт. Келип түшкөн даттануулар биринчи инстанцияда Бишкек административдик сотунда, ал эми кассациялык тартипте Жогорку сотто каралат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо процесси менен байланышкан талаштарды сотто кароону туура уюштуруу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатат.


Мыйзамдар боюнча шайлоо процесси менен байланышкан талаштар сотто 3 календардык күндүн ичинде каралышы тийиш.


Ошондуктан, сотто арыз даттанууларды белгиленген мөөнөттө каралышын камсыз кылуу үчүн Жогорку сотто жана жергиликтүү соттордо Нөөмөт графиги түзүлдү. Зарылчылыгына жараша Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы белгилүү мөөнөткө Бишкек административдик сотуна жөнөтүлөт.


Ал эми, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун процесс өтүүчү залдары убактылуу Бишкек административдик сотунун карамагына берилет.


Судьялардын жана сот отурумдарынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сот приставдарынын саны көбөйтүлүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.


Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 8-беренесине ылайык, соттун имаратына 30 метрден жакын аралыкта сотко таасир этүү максатын көздөгөн чогулуштар жана башка иш-аракеттер соттун ишине кийлигишүү деп эсептелет.


Шайлоо менен байланышкан талаштар сотто каралып жаткан учурда айрым топтор тарабынан элди чогултуп, сотко басым көрсөтүү максатын көздөгөн иш аракеттерди болтурбоо үчүн шайлоо күнү жана андан кийинки бир жума аралыгында Бишкек административдик сотунун жана Жогорку соттун имараттарынын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл.


Ошондой эле, буга чейин Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинде судьялардын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусу менен “Шайлоо талаштары жана аларды чечүү. Жаңы мыйзамдарга ылайык жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун соттук кепилдиктери” деген темада атайын семинар өткөрүлдү.


Семинарда шайлоого байланышкан талаштар боюнча соттук тажрыйбага талдоо жүргүзүлүп, аларды кароонун тартиби жана соттук отурумду уюштуруунун өзгөчөлүктөрү талкууланды.


Сөзүмдүн аягында сот тутуму шайлоо өткөрүү процессинде өзүнө тийиштүү укук-милдеттерин так аткарып, шайлоо процесси менен байланышкан талаштарды мыйзамдын талабына ылайык каралышын камсыз кылат деп билдирем.


Жыйында ошондой эле  алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.